whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
8.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүУлут лидери Садыр Жапаров: “Океандардын келечеги тоолордун чокуларынан башталат”

Улут лидери Садыр Жапаров: “Океандардын келечеги тоолордун чокуларынан башталат”

Улут лидери Садыр Жапаров дүйнө лидерлерин тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана эксперттердин борбордук аянтчасы катары 2027-жылга пландаштырылган Бишкек+25 Экинчи саммитине жигердүү катышууга үндөдү.

Кыргызстандын президенти БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясындагы сөзүндө “кимдин куралы күчтүү деген жарышуу менен эмес, кайсы өлкөнүн жаратылышы, кайсы өлкөнүн абасы таза деген жарышуу менен жашоо керек” деген чакырык таштады. Президент Кыргызстан деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок болгонуна карабастан, эл аралык экологиялык демилгелерге активдүү катышып, глобалдык экосистемаларды коргоого багытталган келишимдерди колдоодо олуттуу роль ойной ала турганын белгиледи.

Генералдык Ассамблеядагы сөзүнүнүн климаттын өзгөрүүсүнө арналган бөлүгүндө президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасы бир системанын эки уюлу болгон — “тоолордон океанга чейин” деген жаратылыш системаларынын өз ара байланышын таанууну жактап келет. Анткени, океандардын келечеги тоолордун чокуларынан башталат.
Бул контекстте биз «Деңиздеги биологиялык ар түрдүүлүк жаатындагы Келишимди» (BBNJ) ратификациялап, ушул Келишимге кошулган алгачкы 60тан ашуун мамлекеттин катарына кирдик.
Деңиз жана жээк экосистемаларын коргоп турган дарыялар тоодон башталат. Демек, тоо экосистемаларын коргоо жана деңиздерди туруктуу башкаруу бири-бири менен байланышта турат” – деп баса белгиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар