Өткөн апта аягында Улуттук илимдер академиясынын кичи жыйын залында «Кыргызстан бермети – Ысык-Көлдү сактоо» долбоорунун ачылышы болду. Ага УИАнын Биология институтунун директору Жамиля Карабаева, аталган институттун флора лабораториясынын улук илимий кызматкери Мыскал Ганыбаева, институттун ихтиология жана гидрология лабораториясынын жетекчиси Шайгүл Асылбаева, Түштүк Кореянын «Ecоstar” Ltd компаниясынын инженер-экологу, доктор Гвон Ын Ми жана “Тунук” компаниясынын түзүүчүсү Ли Хаквон жана башкалар катышышты.
Жейрендер жаратылыш көркү
Жыйында Жамиля Карабаева Ысык-Көл жээгиндеги пляждардын кеңейиши менен жылдан жылга Көлдүн табигый чыпкасы болгон саздуу, бадалдуу, чычырканактуу аянттардын кыскарып бара жаткандыгын өкүнүү менен баса белгиледи. “Мындан сырткары жүздөгөн пансионат, эс алуучу жайларда саркынды сууларды тазалоочу заманбап, сапаттуу жабдыктардын жоктугунан Көл суусу булганып жатат. Берметибиздин экологиясынын бузулушуна бир жагынан браконьерлер да чоң таасир этип, Көлүбүздүн флора, фаунасынын жакырланышына алып келди. Ошолорду эске алуу менен 2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдү сактоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча жарлыгы чыккан. Анда негизги милдеттердин бири Көлдүн биосферасын сактоо жана калыбына келтирүү болчу. Ошол тапшырма боюнча биздин Биология институту бир топ иштерди жүргүзүп келе жатат. Алсак, зоология лабораториясынын жетекчиси Аскар Давлетбаков “КРнын Ысык-Көлдөгү жейрендердин популяциясын жана ареалын калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун максаты — бир кезде Баткендин жарым чөлдүү аймактарын, Ысык-Көлдүн түштүк батышын, Орто-Токой суу сактагычынын айланасын байырлап, кийин браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут болуу алдында калган же таптакыр жок болуп кеткен жейренди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтаруу. Белгилей кетсек, 2021-жылы ПРООНдун кичи гранттар программасынын алкагында 11 ургаачы, 4 эркек жейрен Тоң районуна алынып келинген. 2022-жылы NABUнун колдоосу менен дагы 12 баш алынып келинген. Бүгүнкү күндө алар жарым барьерде багылып, жалпы саны 60тан ашып, анын 24ү быйыл жаратылышка коё берилгени турат”,-дейт Ж. Карабаева. Институт жетекчисинин сөзүнөн соң Ысык-Көлдөгү жейрендер тууралуу тасма көрсөтүлдү. Тасмада жейрендер кармалып турган корукка барган Президент Садыр Жапаров элге кайрылып, жаратылышка коё берилчү жейрендерди атпоого чакырып кеткен. “Илгери жейрендер мал менен эле аралашып жүрчү экен. Ар кандай кырдаалдан улам алар Кыргызстанда жок болуп кеткен. Эми минтип жүз жылдан соң алар сырттан алынып келинип, көбөйтүлүп жатат. Бул өзү эчкинин улагындай эле кичинекей жаныбар, бирок, анын жаратылышка пайдасы чоң. Андыктан буларды атпай, кармап жеп койбой, сактоого чакырам”, – дейт тасма аркылуу элге кайрылган өлкө башчы. Корук уюштуруучулардын айтымында, бул жейрендер жалпы коргоого алынса 10 жыл ичинде 500гө чейин жетиши мүмкүн. Алардын көбөйүшү Ысык-Көл айланасындагы жарым чөлдөрдүн флора, фаунасын байытууга өбөлгө болот.
Ысык-Көлдү сакта дейсиң…
Ж.Карабаевадан соң “Ecоstar” Ltd компаниясынын жетекчиси Гвон Ын Ми сөз сүйлөп, Ысык-Көлдө саркынды сууларын чыпкалоочу жабдыктар талапка жооп бербегендиктен Көл суусу булганып жатканына токтолду. “Биз жакында Түштүк Кореядан Кыргызстан сууларын изилдөө үчүн атайын грант бөлдүртүүгө жетиштик. Алгачкы грант Ысык-Көлгө агып кирип жаткан сууларда кандай химикаттар, зыяндуу заттар бар экенин аныктоого багытталган. Ошону менен бирге эле айрым өтө кооптуу жайларга саркынды сууларды чыпкалоочу жабдыктарды бекер орнотуп беребиз. Бул техникалар биринчи кезекте Көлдүн суусун тазартууга шарт түзөт. Биз Тоң райондук ооруканасына бекер чыпкалоочу жабдык орнотуп берели деп чечтик. Кечээ Балыкчы шаарынын шаардык пляжына бардык. Суу абдан кир экени көзгө деле көрүнүп турат. Ысык-Көл облустук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Көлдүн экологиялык көйгөйлөрү тууралуу да баарлаштык. Бүгүнкү күндө бул аймакта эки негизги көйгөй – Көлгө агып кирип жаткан суулардын текшерүүгө алынбагандыгы менен көл ичиндеги зыяндуу балырлардын көбөйүп жатышы актуалдуу экен. Азырынча зыяндуу балырлар өскөн аймактар Ысык-Көлдө аз экен. Бирок, буларга терең анализ кылып, өтө кооптууларын алдын-ала жок кылбаса ал бат эле көбөйүп кетиши ыктымал. Мындай балырлардын айрым түрлөрү уулуу жана жан-жаныбарга зыян келтирери да белгилүү.
Ысык-Көлдөгү сууга анализ кылуучу бир лабораторияга баш багып, ал жердеги жабдыктар Ысык-Көл суусун, экологиясын толук кандуу изилдөөгө жетишсиз экенин көрдүк. Азыр замандын өнүгүшүнө жараша Түштүк Кореяда ичүүчү суу пайдаланууга берилерден мурун 200дөн ашык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп жатат. Ошондой эле жеринде суу-нун негизги параметрлерин аныктоочу жабдыктар бар. Алар менен Ысык-Көлгө кандай суулар кирип жатканын аныктап койсо да болот. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстанда сууларга мониторинг жүргүзүү анча өнүкпөптүр. Айрым жерлерде суу чыпкалоочу, тазалоочу жабдыктар “галочка үчүн” эле орнотулгандай”, – дейт Гвон Ын Ми.
Корея өкүлүнүн сөзүн Кыргызстандагы “Тунук” компаниясынын негиздөөчүсү Ли Хаквон улап, аталган компания Кыргызстандагы заманбап саркынды сууларды тазалоочу жабдыктарды чыгарган компания экенин ортого салды. “Биздин максат суу тазалоочу (техникалык жана биологиялык) техникаларды сатуу эле эмес, Ысык-Көлдү курчаган пансионат, эс алуучу жайлардын, үйлөрдүн бардыгын суу тазалоочу жабдыктар менен камсыз кылууга жетишүү. Ошондо гана биз Көлдү таза сактай алабыз. Азыр Ысык-Көлгө кандай зыяндуу суулар агып кирип жатканы, үйлөрдүн, эс алуучу жайлардын канчасында суу тазалоочу система бар экени боюнча так статистикалык маалымат жок”, – дейт Ли Хаквон.
Институттар иштеп жатат, эл кайдыгер
Аталган иш-чарада Биология институтунун ихтиология жана гидробиология лабораториясынын башчысы Шайгүл Асылбаева да өз пикирин билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдарда аёосуз балык уулоодон улам Ысык-Көлдүн өзүндөгү табийгый балыктар кескин азайып кеткен. “Негизи жаратылышты калыбына келтирүүнүн бирден-бир жакшы жолу табийгатты жайына коюп, эс алдыруу. Тилекке каршы, Ысык-Көлдө сууларда, тоо, талааларда, өсүмдүктүргө карата да браконьерлик азайбагандыктан балыктардын, өсүмдүк, жаныбарлардын түрлөрү кескин азайып кетти. Бул батытта биз элге ар кандай сунуштарды берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатабыз. Биздин институт балык түрлөрүн көбөйтүү боюнча буга чейин эл аралык уюмдарга, Министрлер Кабинетине бир нече долбоордук сунуштар менен кайрылганбыз. Былтыр “Органикалык булгануудан тазалануу механизми – Ысык-Көлдөгү балык ресурстарын калыбына келтирүү” долбоору Финансы министрлигинен колдоо тапты. Учурда биз ишти баштоо үчүн тендер жарыялаганы турабыз”, – дейт ал. Ш.Асылбекованын айтымында, эс алуучу жайлардын көбү Ысык-Көлдүн түндүк тарабында болгондуктан, түштүк тарабында суу тазалоочу жабдыктар тууралуу сөз да болбойт. “Бир нече жыл мурун мен Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы менен бирге Көлдүн түндүгүндөгү суу тазалоочу жабдыктарды көргөм. Айрым пансионаттардагы акыбал өтө аянычтуу болчу. Ошондуктан Президент, Министрлер Кабинети тарабынан айрым талапка жооп бербеген эс алуучу жайлардын иштешине тыюу салынышы туура. Эгер бул багытта талап мурдагыдан да катуу болгондо Көлдүн жээгинин экологиясы кыйла жакшырмак. Тилекке каршы, ал жерлерде күнүнө, саатына ири киреше тапкандар буга кайдыгер мамиле жасап жатышат. Ошол эле кезде илимий кызматкерлер жана УИА институттары тарабынан суу, жаныбар, өсүмдүктөр маселеси боюнча абдан көп жакшы иштер жасалып жатат. Изилдөө, мониторинг кылуу иштерине мамлекет тарабынан өз убагында жеткиликтүү каражат бөлүнүп турса Кыргызстан жаратылышын сактоого чоң өбөлгө болмок”, – дейт ал.
Жарлык жакшы, бирок…
«Тунук” компаниясынын негиздөө-чүсү Ли Хаквондун билдиришинче, азыр Ысык-Көлдөгү пансионаттарда суу тазалоочу жабдыктар орнотулганы менен андан чыккан суулар текшерилбейт. “Албетте, Президенттин жарлыгы азыр абдан эффективдүү жана экологияны жакшыртууга болгон жакшы кадам. Бирок, азырынча сертификацияланган лаборатория жок болгондуктан Экологиялык жана технологиялык көзөмөл кызматынын кызматкерлери объектиге келишип суу тазалоочу жабдыкты көрүшөт, бирок анын иштеп же иштебей жатканын билишпейт. Текшерүү визуалдык түрдө болгондуктан айрым компаниялар суу тазалоочу жабдыкка окшогон бирдемелерди орнотуп кетип жатышат. Тагыраагы, мыйзам чегинде бул жагы да жакшы бекитилген эмес. Ошондуктан биз “Ecоstar” Ltd компаниясынын жардамы менен Көлгө тазаланган суу кирип жатканына ынангыбыз келип турат. Мурда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тазалоочу жабдыктардан чыккан сууларды текшерчү экен. Акыркы кезде алардан сууларды текшерүү укугу алынып салынгандыктан алар тамак-ашты гана текшерип калыптыр”, – дейт жаш жетекчи Ли Хаквон.
Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”

