(Башталышы өткөн санда)
Сүрөтчү, карт дарактар жана жапайы аттар
Үрүмчү шаарынын байыркы маданий-экологиялык “Жапайы аттар” паркына бардык. Аймагы 13 гектар жерди түзөт. Парк аты аталгандай бир эле аттарды эмес, байыркы табылгаларды, маданий көргөзмөлөрдү, илимий изилдөөлөрдү жана туристтер үчүн “Жибек жолу” маданиятын эске салчу көп тармактуу иш жүргүзөт экен. Туристтердин баары ушул жерде. Сүрөткө түшкөн эле жан. Тилпондун ичин сүрөткө ушул жерден толтурдук окшойт.
Адегенде эле сүрөт галереясына баш бактык. Кыргызстандык сүрөтчү тарткан сүрөттөр дешти. Эми сүрөттөрү укмуш. Суктанып эле карап тура бергидей. Чыныгы талант экен дедим. Бир колун кысып, селфи сүрөткө түшүп, “баракелде” – деп алкагым келди эле. Бирок, сүрөтчү жердешимди таба албадым…
Андан бери кара таштар тизилген жерге келдик. Аябай көп. Таш деген менен ташка деле окшобойт. Көрсө, метеориттин жерге түшкөн калдыктары дешти. Метеорит таштары десек болчудай. Балка менен ар кай жерине койгуласаң ар түркүн коңур үн, музыка чыгат.

Бул парктын бир топ жерин миңге чукул эски, илгерки дарактар, дарак тамырлары, дүмүрлөрү ээлейт экен. Тарых катары да, эл таңданып, суктанып карасын деп да бул дарактардын тобун көргөзмө катары койгон го сыягы. Чынында эле таңданчу дарактар. Чоңдугу, кулач жетпеген жоондугун айтпа эми. Эң узуну 40 метр экен. Кылым карыткан бул дарактар күнү бүгүнкүгө чейин чирибей сакталып турат.
Мына ушуларды көрүп, тилпонду толтура сүрөткө түшүп алып анан аттар жакка өттүк. Аттардын түрлөрүн айтпа… Атактуу ахалтекин жылкыларынан баштап, бою 2 метр, башы, туягы чоң аттар, понилер, айтор, 18 аттын породасы багылат экен. 4 чоң ипподром, аттарды машыктыруучу аянтча, аттар үчүн бассейн бар. Биз аттарды үйрөтүүчү аянтчага келдик. Дал ушул аттарды үйрөтүүчү тренер кыргызстандык жашы 70ке таяп калган киши дешти. Издедик бирок, таппадык. Ал күнү келбептир. Ал эми аттарды минип, үйрөтүп аткан жигиттер кытайлык кыргыз, казактар экен. Алар менен жолугуп баарлаштык. Айтмакчы, алардын ээри, ээр каштары биздикинен башкача экен. Айтор, ар элдин өзүнүн маданияты, салты, колдонгон буюмдары бар тура. Ар түркүн гүл өсүп табиятты кооздоп турган сымал, улуттун көп болгону, дүйнөнү кооздоп жана суктантып турат деген кеп бар эмеспи. Анын сыңарындай, ар бир улут өз маданиятын, салтын сактап калса экен…
“Жибек жолу” мекемеси
Бизди Кытай өлкөсүнө чакырган CNS агенттигинин Синьцзяндагы филиалына, “Жибек жолу” гезитинин редакциясынын кеңсесине келдик. Алардын иш ыргагы менен таанышып, жетекчилиги тарабынан айтылган каалоо-тилектерин уктук.
Кытай өлкөсү менен Борбордук Азия жана Турция мамлекеттеринин экономикалык-маданий мамилелеринин бекемделиши, келечеги жөнүндө кеп болду. Андан соң атайын даярдалган дубал тактага, ар бирибиз өзүбүздүн мекеменин аталыш логотибин чаптап чыктык. Кыргызстандан “Кыргыз Туусу”, “Эркин тоо”, “Слово Кыргызстана”, “Кабар” 4 мекемеден өкүл бардык эле, төртөөбүз тең мекемебиздин логотип аталышын ошол жерге, болгондо да эң үстүнө чаптадык. Бул, Кытай менен Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия өлкөлөрүнүн алака-катыш мамилелеринин символикалуу жөрөлгөсү катары жасалды. Буюрса, мындан ары “Кыргыз Туусу” ошол жерде дайыма илинип турат. Биздин алар менен кызматташтык ар дайым улана берет деген ойдо болдум.
Кытайдагы айыл чарба
Синьцзянда айыл чарбага өзгөчө көңүл бурат экен. Кылкылдаган кытай калкына тамак-аш продукцияларын кантип жеткирет деп ойлойсун го. Булар өздөрүнө эле эмес, импортко да чыгарып атышпайбы. Жерге болгон мамилеси да укмуш. Талааларын, өндүрүп аткан өсүмдүктөрүн да таза кармашат экен.

Адегенде биз, Чанцзи шаарындагы “Цзю Шэн Хэ” үрөнчүлүк компаниясына бардык. 2003-жылы негизделген бул чарба, буудайдын эле 150 сортун, жүгөрү, пахта жана ар түрдүү жер-жемиштердин уруктарын өндүрүп берет экен. Имараттары, лабораториялары эми укмуш, акыркы техникалар менен камтылган. Үрөн сатуу боюнча Кытайда бул чарба 9-орунда турат дешти. 140 илимий кызматкер, 14 илим доктору, 40 магистрант илимий иштерин жүргүзөт. Биз имараттагы илимий иштери жана талаа жумуштары менен да таанышып чыктык. Ар бир өсүмдүккө абдан аяр мамиле жасашат. Компаниянын жалпы каражаты 2.17 млрд. юань болсо, бир жылдык кирешеси 870 млн. юань. Айтор, бүл үрөнчүлүк чарба, үрөндүн түшүмдүүлүгү мол болуш үчүн мыктылап иштешет экен. Маселен, калп айтпасам, гектарынан 11-12 тонна буудайдан, ал эми 25-30 тонна жүгөрүдөн түшүм алышат экен. Талаа жумуштары, жерге болгон мамилеси абдан таза жана аяр. Бул жерден өндүрүлгөн урук чын эле жакшы түшүм берерине
ынанасың.
Ошол эле Чанцзи шаарынын дагы бир айыл чарба аймагына бардык. Чанцзиде 20 академик, 2800 илимий кызматкер иштеген, 56 илимий-изилдөөчү аймак бар экен. Эми бул жерди бир күндө кыдырып бүтө албайсын. Биз болгону бир гана акылдуу теплицанын ишин көрдүк. Чынында кытайлар эмне гана иш кылбайт, таң каласың. Теплицасы 3 кабаттуу экен. Трубаларга суу жүгүртүп, ар карыш сайын тешип, ошол жерге кичинекей пластмасса буюмдарга (стаканчага) топурак салып ар түркүн гүлдөрдү, жей турган чөп-чарларды отургузушкан. Жанагы биз жеген салат жалбырагы да ошол жерде жайнап өсөт экен. Эми ойлоп көрүңүз, секиче кылып трубаларды орноштуруп (ширетип) эле, ошол трубаларга суу жүгүртүп, ар карыш сайын эле түшүм ала бергенин. Ар бир трубада сууну жүгүртүп турган датчиктер орно-тулган. Бир жеринде ошол датчиктерди иштетип турган аппарат турат. Жерди да, сууну да 95% үнөмдөйт, бирок ошол эле учурда түшүмдү да мол алат. Анан алган түшүм Үрүмчү, Чанцзи, Пекин, Шанхай шаарларынын дүкөндөрүнө жеткирилет экен.
Айтор, түшүндүрүп жазуу абдан кыйын. Миң уккандан бир көргөн жакшы дегендей, бул теплицанын технологиясын үйрөнүп келип алып, бизге жасаса да болчудай. Алар үйрөтүүгө, окутууга даярбыз дешти.
Ошентип акылдуу теплицаны кыдырып чыгып, абдан таң калган бойдон Турфан шаарына жөнөдүк…
(Уландысы бар)
Керим АЙДАРОВ

