Башкы беткеМаанилүүЭкологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн 1 млн сом жеңилдетилген насыя алса...

Экологиялык таза жылытуу системасын орнотуу үчүн 1 млн сом жеңилдетилген насыя алса болот

Бишкек мэриясында өткөн «Абаны тазартуу» долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйында жарандарга экологиялык таза жылытуу системасын орнотууга 1 миллион сомго чейин жеңилдетилген насыя берилери маалымдалды. Иш-чара Финансы министрлигинин жана Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулду.

Финансы министрлигинин долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Бермет Мусакожоева билдиргендей, долбоордун экинчи компоненти жеңилдетилген насыя берүү механизмин камтыйт:

  • Жарандар жана чарбалар үчүн – экологиялык таза жылытуу жабдууларын орнотуу үчүн 1 млн сомго чейин;
  • Жабдууларды ташуучу ишканалар үчүн – 5 млн сомго чейин.

Каржылоо «Айыл банк», «Элдик банк» жана «Бакай банк» аркылуу жүргүзүлөт.

Жыйында катышуучулар «таза» технологияларга өтүүнү, энергиянын натыйжалуулугун жогорулатууну жана долбоорду маалыматтык жактан колдоону баса белгилешти.

Жыйынтыгында тараптар долбоорду өз убагында ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн кызматташуусун күчөтүүгө макулдашышты.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар