Башкы беткеМаданият жана адабиятАдабиятБорбордо Китеп күнүнө карата Окуу декадасы өтөт

Борбордо Китеп күнүнө карата Окуу декадасы өтөт

10-апрелден 20-апрелге чейин борбор калаада Окуу декадасы жарыяланды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинен билдиришкендей, иш-чара эл аралык Китеп күнүнө карата уюштурулууда.

Демилгенин алкагында шаардагы бардык мектептерде жана бала бакчаларда балдардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган маданий-агартуу иш-чаралары өтөт. Программада:

  • Адабий сааттар жана китеп көргөзмөлөрү;
  • Белгилүү жазуучулар менен жолугушуулар;
  • Көркөм окуу сынактары жана «Бирге окуйбуз» акциялары;
  • Интерактивдүү сабактар жана тематикалык викториналар.

Иш-чаранын максаты — өсүп келе жаткан муундун окурмандык маданиятын калыптандыруу, дүйнө таанымын кеңейтүү жана көркөм адабиятка болгон сүйүүсүн ойготуу.

Билим берүү департаменти окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди бул агартуу демилгесине активдүү катышууга чакырат.

Гезит

Война и вода

Ахиллесова пята пустынных стран      Ближний Восток десятилетиями жил в парадигме «нефть в обмен на безопасность». Нефть и газ давали деньги, но именно опреснение дало...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар