АКШда Мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү департаментинин (DOGE) башчысы болуп турган Илон Маск өзүнүн кызматтык мөөнөтү аяктап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Х (мурунку Twitter) социалдык тармагындагы баракчасында жазып, Трампка ыраазычылыгын билдирди.
“DOGE департаментинин миссиясы убакыттын өтүшү менен дагы деле бекемделе берет, анткени ал мамлекеттик бийликтеги бардык органдардын жашоо образы болуп калат”, – деп белгиледи Маск.
Илон Маск буга чейин CBS телеканалына курган маегинде Трамп администрациясынын сунушу менен кабыл алынган «чоң жана кооз» бюджет мыйзамына нааразы экенин билдирген. Анын пикиринде, бул документ мамлекеттик чыгымдарды кыскартууга тоскоолдук жаратып, бюджеттик дефициттин өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Эскерте кетсек, Маск Tesla жана SpaceX компанияларын жетектеген бойдон калууда. Ал убактылуу мамлекеттик кызматкер катары DOGE башчылыгына 130 күнгө дайындалган жана бул мөөнөт май айынын соңунда аяктаары күтүлүүдө.
DOGE департаменти быйыл жыл башында президент Трамп кызматка киришкенден кийин түзүлгөн. Максат – бюрократияны кыскартып, мамлекеттик чыгымдарды азайтуу болчу. Аталган департаменттин ишмердүүлүгүнүн алкагында ондогон миң мамлекеттик кызматкер иштен алынган, бир катар агенттиктер жоюлуп, бул кадамдар коомдук талкуу жана соттук териштирүүлөргө жол ачкан.