Зардалы айылына баруучу унаа жолу эртең расмий ачылат

Баткен облусунун алыскы Зардалы айылына баруучу унаа жол курулуп бүттү. Каттамды расмий түрдө ачуу 20-декабрга пландалууда.

Учурда жолду тегиздөө жана шагыл төшөө иштери соңку баскычта жүргүзүлүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 8 чакырымды түзөт. Курулуш иштеринин алкагында Кожошкен дарыясына узундугу 30 метр болгон көпүрө салынды. Аталган көпүрө 90 тоннага чейинки жүктү көтөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, өткөн жылы Президент Садыр Жапаров Зардалы айылына барган учурда жергиликтүү тургундар жол куруу жана электр энергиясы менен камсыздоо маселелерин көтөрүшкөн. Анын жыйынтыгында ар бир үйгө күн панелдери орнотулуп, айыл толук электр энергиясы менен камсыздалган.

Жаңы жол Зардалы айылынын жашоочулары үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртып, социалдык-экономикалык шарттарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз