Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ирандын айланасында аскердик риториканын күчөп жатышына олуттуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу кечээ БУУнун башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик маалымдады.
Ал күнүмдүк брифинг учурунда чет элдик маалымат агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, «Иран айланасындагы кырдаалда байкалган аскердик риториканын күчөшү бизди абдан кооптондурат» деп билдирди.
«БУУга мүчө бардык мамлекеттер аскердик риториканы эмес, дипломатияны илгерилетүүгө тийиш», — деп кошумчалады ал.
Ошол эле күнү АКШнын президенти Дональд Трамп ирандык расмий өкүлдөр менен пландалган «бардык жолугушууларды жокко чыгарганын» жарыялады. Андан бир күн мурда ал Иран менен соода жүргүзгөн өлкөлөр АКШ менен болгон бардык бизнеси үчүн 25 пайыздык бажы төлөмүнө туш болорун билдирген.
Мындан тышкары, The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, Пентагон Дональд Трампка Иранга карата мурда айтылгандан да кеңири аскердик сокку варианттарын сунуштоону пландап жатат.
Ошол эле күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Al Jazeera телеканалына берген маегинде Иран согушка даяр экенин, бирок ошол эле учурда диалогго ачык бойдон каларын билдирди. Анын бул сөздөрү Дональд Трамптын АКШ аскерлери Иранга карата «өтө катуу варианттарды» карап жатканын айткан билдирүүсүнөн кийин айтылды.


