Бүгүн Вашингтон шаарында Даниянын жана Гренландиянын тышкы иштер министрлери АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс жана мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушуу өткөрүшөт. Бул жолугушуу АКШ президенти Дональд Трамптын Гренландияны сатып алуу ниети тууралуу билдирүүлөрүнүн фонунда өтөт.
Ак үйдө өтө турган жолугушууда Арктикадагы аралга байланыштуу маселелер талкууланат. Акыркы мезгилде Дональд Трамптын Гренландияны АКШнын көзөмөлүнө алуу ниети тууралуу кайра-кайра билдирүүсү АКШ, Дания жана Гренландия ортосундагы чыңалууну күчөткөнү белгиленүүдө.
Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен журналисттерге билдиргендей, ал жана Гренландиянын тышкы иштер министри Вивиан Мотцфельдт Марко Рубиого жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул чечим Дональд Трамптын Данияга таандык автономдуу аймакты аннексиялоо тууралуу риторикасын күчөткөндөн кийин кабыл алынган.
«Биз бул маселени жабык бөлмөдө, бири-бирибиздин көзүбүзгө карап, ачык талкуулоо үчүн жолугушууга жетишүүнү кааладык. Бизге мындай мүмкүнчүлүк берилди», — деди Расмуссен шейшемби күнү Копенгагенде.
Маалым болгондой, январь айында Дональд Трамп АКШ Гренландияны сатып алуу боюнча келишим түзүүгө кызыкдар экенин кайрадан билдирген. Ал бул максатка жетүү үчүн «же жеңил жол», же «оор жол» колдонулушу мүмкүн экенин айткан.


