Францияда фермерлердин нааразычылык акциялары уланууда

Шейшемби, 13-январда, Франциянын бардык аймактарында фермерлердин нааразычылык акциялары уланды. Эртең менен FNSEA (Айыл чарба кызматкерлеринин улуттук федерациясы) жана Jeunes Agriculteurs уюмунун өкүлдөрү болгон 350гө жакын трактор Париж шаарына кирди, деп билдирди борбор калаанын полициясы.

Акцияга чыккан фермерлер Европа Биримдиги менен МЕРКОСУР өлкөлөрүнүн ортосундагы соода келишимине каршы чыгышууда. Бул келишим Европа Биримдиги менен Түштүк Американын төрт өлкөсү — Аргентина, Бразилия, Уругвай жана Парагвай ортосунда эркин соода аймагын түзүүнү карайт.

Аталган келишим жума күнү Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн квалификациялуу көпчүлүгү тарабынан жактырылган. Ошол эле учурда Франция, Польша, Австрия, Венгрия жана Ирландия документке каршы чыккан.

Нааразылык акциясынын ураандарынын бири — «Фермерсиз өлкө болбойт».

Маалыматка ылайык, тракторлор таңкы саат 6:00 чамасында Парижге батыш тараптан кирип, полициянын коштоосунда Фош проспектиси аркылуу Триумфалдык аркага бет алышкан. Андан соң алар Елисей талаалары жана Жорж V проспектиси менен жүрүп өтүп, Альма көпүрөсүн кесип өтүшкөн. Акциянын негизги митинги Орсе жээгинде уюштурулган.

Мындан тышкары, нааразы болгон фермерлер Франциянын Улуттук жыйынынын имаратынын алдына 30 тоннага жакын картошка төгүшкөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз