Министрлик дыйкандарды сапаттуу жана сертификатталган үрөн тандоого чакырат

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды мол жана туруктуу түшүм алуу үчүн сапаттуу, тазаланган жана сертификатталган үрөндөрдү колдонууга чакырат.

Адистердин айтымында, үрөндү тазалоо процесси түшүмдүн сапатына түздөн-түз таасир этет. Тазаланган үрөндөр бөтөн заттардан, чөптөрдүн уруктарынан жана бузулган даналардан толук арылып, бирдей өлчөмдө, салмактуу жана биологиялык жактан толук болот. Мындай үрөндөр тез жана бир калыпта өнүп чыгып, талаада өсүмдүктөрдүн тыгыздыгы жана өсүшү тең салмакта болуп, натыйжада түшүмдүүлүк кыйла жогорулайт.

Үрөндү тазалоо төмөнкү этаптардан турат: адегенде үрөн тазалоочу аппаратка көтөрүлүп, саман жана ири таштандылардан ажыратылат. Андан соң барабан аркылуу майдаланган жана жарым дандар бөлүнөт. Акыркы этапта аба агымынын жардамы менен толук бышпаган, ичи бош жана жеңил дандар тазаланып, жыйынтыгында таза жана сапаттуу үрөн алынат.

Министрлик ошондой эле сертификатталган үрөн сапаттын негизги кепилдиги экенин белгилейт. Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаменттин адистери үрөндүк материалдын сорттук жана түрдүк тазалыгын талаа инспекциясы аркылуу аныкташат. Мындан тышкары, лабораториялык шартта үрөндүн өсүү кубаттуулугу, өнүмдүүлүгү, тазалыгы, нымдуулугу, ошондой эле 1000 даана үрөндүн салмагы сыяктуу көрсөткүчтөр толук анализден өткөрүлөт.

Сапаттуу жана сертификатталган үрөн алуу боюнча маалымат алуу үчүн Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин Үрөндөрдү сертификаттоо бөлүмүнүн башкы адиси Айпери Муратбековага
📞 +996 990 965 006 номери аркылуу кайрылууга болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз