Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Маалыматка ылайык, бул мыйзамдын максаты арбитраждык териштирүүнүн натыйжалуулугун жана калыстыгын жогорулатууга, ошондой эле тараптардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Алсак, Мыйзам “Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине эгерде бейтарап соттун чечими чыгарылган талаштын тарабы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме жана ишкана, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар башка юридикалык жактар болгон учурларда, бейтарап соттордун чечимдерин Кыргыз Республикасынын жалпы юрисдикциясындагы сотторго даттануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жана негиздерди белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Ошондой эле аталган Мыйзамды бейтарап соттордун чечимдерине даттануу тартибин белгилеген 361-берене менен толуктоо каралган.
Тактап кетсек, аталган мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.