whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөр күнү менен куттуктады

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 29-майда аскер кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктады. Ал өз кайрылуусунда өлкө коопсуздугу, тарыхый мурас, патриотизм жана аскердик тарбиянын маанисине токтолду.

Ал азыркы учурда согуштун аскердик эмес, маалыматтык-пропагандалык ыкмалары күч алып жаткан шартта, Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн жана өзүн-өзү коргоо принциптерине негизделген аскердик саясат жүргүзөрүн баса белгиледи. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууда натыйжалуу Куралдуу Күчкө ээ болуу башкы максат экенин билдирди.

«Биздин Куралдуу Күчтөрүбүз өлкө эгемендикке ээ болгондон тартып бүгүнкү күнгө чейин калыптануунун түйшүктүү жолун басып өттү. Бул жолдо кыргыз эли өлкө аймагына эл аралык террористтердин бандиттик түзүлүштөрү басып кирген трагедиялуу 1999 –2000-жылдарды эгерим эсинен чыгарбайт. Ошол Баткен окуялары биздин жаш армиябыз үчүн биринчи согуштук сыноо, мамлекетибиздин такшалышына, бекемделишине жана өз эгемендүүлүгүн сактап калуусуна чоң сынак болгон. Кыргыз армиясынын эр жүрөк жоокерлери Айкөл Манастын урпактары катары Мекенди коргоо деген ыйык милдетти татыктуу аткарышкан. Биз өлкөбүздүн бүтүндүгү менен элибиздин бакубат турмушу үчүн өмүрүн берген эр-азаматтарыбыздын бирин дагы унутууга акыбыз жок!

Кыргыз Республикасынын аскердик бөлүктөрү эл аралык милдеттенмелердин алкагында да чет өлкө аймактарында өз милдеттерин аткарып келишет. 

Биздин аскерлерибиз мындан туура 80 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согушта Улуу Жеңишти камсыз кылган ата-бабалардын татыктуу урпактары болуп саналат. Биз 30 жылдан ашуун тарыхы бар Куралдуу Күчтөрүбүз өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн бузуу аракеттерине кескин бөгөт коюуга жөндөмдүү экенине бекем ишенебиз.

Азыркы күндө активдүү маалыматтык-пропагандалык иштер менен коштолгон куралдуу күрөш жүргүзүүнүн аскердик эмес ыкмаларынын үстөмдүк кылышы байкалууда. 

Мындай шартта Кыргызстан – аскердик саясатын өзүн-өзү коргоо принциптеринде жүргүзгөн, тынчтыкты сүйгөн өлкө экенин баса белгилөө маанилүү деп эсептейм. Ошондуктан, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн натыйжалуу Куралдуу Күчкө ээ болуу – башкы маселелерибиздин бири!», — деп белгиледи өкмөт башчы.

Анын айтымында, армия ардагерлеринин күжүрмөн тажрыйбасы жана «Ата Мекен», «ар-намыс», «аскердик милдет» сыяктуу баалуулуктар кийинки муундарга татыктуу өткөрүлүп берилиши керек.

Куттуктоонун соңунда Касымалиев бардык аскер кызматкерлерине бекем ден соолук, кайрат жана бакубат турмуш каалап, Кыргызстаныбыздын асманы дайыма ачык болушун тиледи.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар