Бишкекте өткөн «E-commerce EXPO Central Asia 2025» эл аралык форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы – Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.
Өз сөзүндө өкмөт башчысы электрондук коммерциянын өлкө экономикасы үчүн маанисине токтолду.«Электрондук соода — бул жөн гана жаңы тармак эмес, экономикалык өсүштүн, инвестициялык активдүүлүктүн жана глобалдык жеткирүү чынжырларына интеграциялоонун күчтүү куралы болуп калды», — деди Касымалиев.
Анын айтымында, акыркы жылдары Кыргызстанда онлайн-сатуулардын жана санариптик төлөмдөрдүн көлөмү тез өсүп, чакан жана орто бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда.
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында онлайн-сатып алуулар 1 миллионго жакын транзакцияны түзүп, жалпы суммасы 1,7 миллиард сомго жеткен. Бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 56 пайызга көп.
Касымалиев электрондук соода үчүн атайын электрондук коммерция паркы иштелип жатканын да кошумчалады. Аталган аянтча ишкерлерди колдоого, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана логистиканы жакшыртууга багытталган.
Өкмөт бул тармактагы бизнеске жеңилдетилген салык шарттарын сунуштоодо:
жүгүртүүдөн 2% өлчөмүндө атайын салык режими,
КНСтен, киреше жана сатуудан салыктан бошотуу,
трансчек аралык сооданы өнүктүрүү боюнча кошумча колдоолор.
Өкмөт башчысы белгилегендей, 2025-жылы Кыргызстандагы электрондук сооданын ички рыногунун көлөмү 525 миллион долларга жетери күтүлүүдө, бул өткөн жылга салыштырмалуу 15 пайыздык өсүш дегенди билдирет.

