АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүндө өлкө ядролук куралды кайра сыноону баштай турганын жарыялады. “Мен Курал-жарак министрлигине биздин ядролук куралдарды сынай баштоо боюнча тапшырма бердим. Бул процесс дароо башталат”, — деп жазды Трамп.
АКШ лидери мындай чечимин башка өлкөлөрдүн да ядролук сыноо программалары бар экендиги менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Кытай жакынкы беш жыл ичинде АКШнын ядролук мүмкүнчүлүгүнө жетиши мүмкүн.
Трамп өз билдирүүсүндө ядролук коркунуч өстү деп эсептебей турганын да кошумчалады. Бул билдирүүдөн кийин бир катар америкалык саясатчылар жана эксперттер тынчсыздануусун билдиришти. Конгрессвумен Дина Титус ядролук сыноолорду жандандырууга каршы мыйзам долбоорун сунуштай турганын айтты.
Ошол эле учурда Американын Курал-жарак көзөмөлү боюнча ассоциациясынын аткаруучу директору Дарел Кимбалл бул чечимди “опсуздукка коркунуч жараткан жана эл аралык келишимдерди бузган кадам” деп мүнөздөдү.

