Жаңы асыл тукум чарбалары пайда болду

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдиргендей, өлкөдө 232 чарба субъекти асыл тукум чарба макамын алды.

Маалыматка ылайык, мал чарбачылыгынын сапатын жогорулатуу жана генетикалык ресурстарды сактоо максатында атайын комиссия түзүлүп, чарбаларда жеринде мониторинг жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында тиешелүү талаптарга жооп берген субъекттерге асыл тукум макамы ыйгарылды.

Макам берилген чарбалар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • ири мүйүздүү мал — 84 чарба;
  • жылкы чарбачылыгы — 40;
  • кой чарбачылыгы — 97;
  • эчки чарбачылыгы — 5;
  • канаттуулар — 4;
  • аарычылык — 4;
  • топоз чарбачылыгы — 3 субъект.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул чаралар малдын сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз