Башкы беткеАба ырайыЧукул билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө

Чукул билдирүү! Ашууларда кар көчкү түшүшү күтүлүүдө

9-апрелден 14-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын коркунучу жогорулайт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эң кооптуу абал төмөнкү негизги автожолдордо күтүлүүдө:

• Бишкек — Ош жолу (120-140-чакырым, Тоо-Ашуу ашуусу);

• Суусамыр — Талас — Тараз жолу (1-14-чакырым, Өтмөк ашуусу);

• Бишкек — Нарын — Торугарт жолу (292-305-чакырым, Долон ашуусу);

• Барскоон — Ак-Шыйрак жолу (52-68-чакырым, Соок ашуусу).

Жол кызматтары буга чейин даярдык иштерин жүргүзүшкөн. Кооптуу тилкелерге атайын техника тартылып, жолдорду тазалоо үчүн кум-туз аралашмасынын кору даярдалган.

Министрлик айдоочуларды сак болууга жана аба ырайы начарлаган учурда мүмкүн болушунча алыс жолго чыкпоого чакырат.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар