«Манас» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөр үчүн жаңы кызмат — коштоп жүрүү (консьерж) кызматы ишке киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКы билдирди.
Маалыматка ылайык, келишимге компаниянын коммерция боюнча директору Аман Мамаев жана «Премиум Пасс Кейджи» ЖЧКсынын директору Элиза Аскарбекова кол коюшту.
Жаңы кызмат жүргүнчүнү аэропортко келгенден тартып учакка отургузулганга чейин толук коштоп жүрөт. Башкача айтканда, каттоодон өтүүгө жардам берет, текшерүүлөрдөн тез өтүүгө шарт түзөт жана бардык процесстерди