Кыргызстан менен Мисир визасыз режим боюнча макулдашышты

0
1227

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Мисир Араб Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 12-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында кол коюлган макулдашууну күчүнө киргизүү үчүн ички жол-жоболорду аткаруу максатында кабыл алынган.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери 180 күндүн ичинде 90 күнгө чейин визасыз кирүү, чыгуу жана транзит аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бул чечим эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана дипломатиялык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз