Башкы беткеМаанилүүКыргызстан ШКУга төрагалык алкагында артыкчылыктуу багыттарды тааныштырды

Кыргызстан ШКУга төрагалык алкагында артыкчылыктуу багыттарды тааныштырды

2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Кыргыз Республикасында аккредиттелген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары үчүн брифинг өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап 2025–2026-жылдардагы ШКУга төрагалыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар тууралуу кеңири маалымат берди. Өзгөчө көңүл аймактык коопсуздукту чыңдоого, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө бурулду.

Ошондой эле ШКУ алкагында өтө турган жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш-чараларга даярдык маселелери каралды. Атап айтканда, Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын жана тармактык министрликтердин жолугушууларын жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча иштер жүрүп жатканы белгиленди.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, тараптар уюм алкагындагы кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар