Башкы беткеРубрикаларДен соолукЖакында Кыргызстанда биринчи робот-хирург пайда болот

Жакында Кыргызстанда биринчи робот-хирург пайда болот

Жакында Кыргызстанга биринчи робот-хирург алып келинет. Бул тууралуу белгилүү хирург, ортопед Сабырбек Жумабеков өзүнүн соцтармактагы баракчасынан билдирди.

Дарыгер Кытайга болгон сапары жемиштүү болгонун айтып, ал жактын ортопедия, травматология жаатында жетишкен ийгилигин белгилеген.

“Робот-хирургдарды чыгарган 9 заводу (Кытайдын — ред.) бар экен. Бул сапарда биз робот-хирургдардын иштегенине күбө болдук. Өз көзүбүз менен көрүп, бирге катышып, баамдадык. Албетте, адамдык фактор биринчи орунда кала берет дечи, бирок робот-хирургдардын операцияга катышуусу — бүгүнкү күндүн талабы. Кудайым буйруса, жакын арада Кыргызстанда биз менен бирге биринчи робот-хирургдар өз ишин баштайт”, — деген Жумабеков.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар