whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
15.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБишкекте II Түрк дүйнөсү жаштар форуму өтөт

Бишкекте II Түрк дүйнөсү жаштар форуму өтөт

23–26-октябрь күндөрү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси менен II Түрк дүйнөсү жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирген.

«Келечек сенсиң» урааны астында уюштурулган форумга түрк дүйнөсүнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жүзгө жакын жаш интеллектуалдар, лидерлер жана чыгармачыл жаштар катышат. Бул форум — ондогон өлкөлөрдөн келген жаштардын башын бириктирген маанилүү платформа болуп саналат.

Иш-чарада азыркы дүйнөнүн негизги маселелери, руханий жаңылануу, идеялардын трансформациясы жана жаштардын ролу тууралуу талкуулар болот.

Форумдун алкагында Түркиянын авиация жана космос өнөр жайы ААКнын башкы директору, профессор Махмут Фарук Акшит мотивациялык баяндама жасап, Түркиянын учкучсуз учактары жана космостук технологиялар жаатындагы ийгиликтери тууралуу айтып берет.

Мындан тышкары, форумго Түркиянын белгилүү окумуштуусу жана коомдук ишмери Рухи Эрсой ардактуу конок катары катышып, сөз сүйлөйт.

Форумдун негизги максаты — түрк жаштарынын биримдигин, лидерлик сапатын жана келечек багытын чыңдоо.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар