Башкы беткеМаанилүүЭрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында коло медаль утту

Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байгенин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

70 кг салмак категориясында күч сынашкан Акматалиев алгач чилилик Хорхе Хинриксенди 10:0 эсебинде жеңген. Бирок кийинки айлампада жапон балбаны Ёшиносуке Аоягиге утулуп калган. Япониялык спортчу финалга чыккандыктан, кыргызстандык балбанга кайрадан медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Көңүл жубатуучу беттеште ал венгриялык Исмаил Мусукаевди 14:4 эсебинде жеңсе, коло байге үчүн болгон таймашта армениялык Арман Андреасянды 8:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпионатынын коло медалын тагынды.

Бул Эрназар Акматалиевдин дүйнө чемпионатындагы үчүнчү медалы. Ал 2021-жылы күмүш, 2022-жылы коло байге алган.

Эскерте кетсек, дүйнө чемпионаты Загреб шаарында 13–21-сентябрь күндөрү өтүүдө.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар