Өткөн жума күнү “Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамааты Байтиктин Бос-Бөлтөгүнө ишембиликке чыктык. Калган тарабы кандай ким билет, бөксө тоонун күн жүрүш бети таштандыга ширелип калыптыр. Таштандынын арасында эмне гана жок. Желбиреген желим баштыктар, суусундуктун бош желим бөтөлкөлөрү, тамеки кутулар, арак, пивонун шише бөтөлкөлөрү, кагаз салфетканын калдыктары … Айтор, тоого чыгып, жамбаштап жатып алып эс алганды жакшы көргөндөрдөн калган таштандылар биздин өз жергебизде жасаган мамилебиздин, абийир, ыйманыбыздын, кайдыгерлигибиздин күзгүсү десек болчудай.
Таштандыларды терип жатып, кыргыз жерине жасалган мындай карөзгөйлүк, кайдыгерлик менен жасалган кыянаттыкты сырттан бирөө келип эмес, өзүбүз жасап жатканыбызды, шаардыктар бу тоолорго эс алганы келбей эле, таштанды чачып кетүүгө гана келерин, алардан кийин ал жерлерге келгендер эс албай эле, чарчап кетерин, алар да жөн калбай таштанды таштап кетерин ойлогондо жүрөк титирейт.
Орой айтканда, чочко да биздин шаардык эс алууну сүйүүчүлөргө караганда тазараак оонайт.
Кыргыз тоолоруна, кыргыз жергесине карата жасалган кыянаттык жана айбандык мамиле ар бирибизди жана баарыбызды ойлонтууга тийиш. Адамга окшоп эс алганды билбеген соң, табият койнуна чыгып алып, аны таштанды жайга айлантуунун канчалык зарылдыгы бар. Мүмкүн биз адамча эс алуу маданиятын үйрөнгүчө табият койнуна чыгып эс алууга мораторий жарыялай турарбыз?!
Кыргыз коомундагы дагы бир трендге айланган көрүнүш – бул зордук-зомбулук. Жакында эле Чүй облусуна караштуу Сокулук райондук ички иштер бөлүмү 30 жаштагы кызга күч колдонуп, машинанын багажына салып бара жаткан эки жаранды кармады. Көрсө, милициянын жергиликтүү бөлүмүнө А.А. аттуу жаран кайрылып, аны 16-майда кечки саат 7лер чамасында А.М. аттуу жаран шериги менен Манас аэропортуна бараткан жолдо күч колдонуп, колун скотч менен байлап, машинага салып кеткенин айтып кайрылган экен.
Милициянын берген маалыматы боюнча, тергөөнүн жүрүшүндө 1999-жылы туулган А.М. аттуу жаран 16-майда шериги Р.И менен кызды уурдап кетүү максатында аны үйүнөн салып кетишкени, жолдо уруш чыгып А.М. кызга күч колдонуп, колун скотч менен байлап, машинанын багажына жүктөгөнү белгилүү болгон. Куду кинодогудай.
Бул окуяга кандай комментарий берүүгө болот? Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык зордук-зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2,5 жылда эле 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен көз жумган. Тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жетиси катталган.
Бул бизге белгилүү болгону гана. Көпчүлүк учурда зордук-зомбулук белгисиз боюнча кала берет жана ага зомбулук тарткандар өздөрү себепкер. Эгерде, үстүбүздөгү жылдын 29-апрелинде социалдык түйүндө белгисиз эркек аялды аёо-суз сабап жаткан видео жарыяланып кетпегенде, бул окуя деле белгисиз бойдон кала бермек. Дегенибиз, Октябрь РИИБнин кызматкерлери териштире келгенде, бул кейиштүү окуя кызганычтын айынан күйөөсү менен аялынын ортосунда болуп, аялы арыз жазуудан баш тарткан.
А мындай окуялар ай сайын кездешип, жыл сайын жүздөгөн окуялар катталып жатат. Кээде зордук-зомбулук окуялары тартылган видеолорду карап отуруп, адам баласынан өткөн мыкаачы жок экенин көрүп, аргасыз жакаңды кармайсың.
Дагы бир кейиштүү жагдай, күч түзүмдөрүнүн аскердик бөлүктөрүндө өкүмзордук, өйдөсүнүү фактылары кадыресе көрүнүшкө, күнүмдүк трендге айланды. Буга жакында эле Кыргызстанды дүң эттирген Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Москва районундагы №86123 аскер бөлүгүндөгү солдаттарды башы менен жер сүздүрүп, келекелеген окуяны мисал тартсак болот.
Эгер аскер бөлүгүндөгү болгон окуя видеого тартылып, социалдык түйүндөр аркылуу коомчулукка тарап кетпегенде, ал өкүмзордук, зордук-зомбулук фактысы көз жаздымдан сырткары кала бермеги айтпаса да түшүнүктүү.
Видео тарап кеткен соң, дароо реакция болуп, аскер бөлүктөгү жоокерлерге көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча кылмыш иши козголду, аскер бөлүгүнүн айрым түздөн түз тиешелүү командирлери кызматтан алынды, сөгүш, эскертүү берилди, албетте бул зарыл чаралар деңизчи. Бирок, аталган аскер бөлүгүндөгү окуяга укуктук баа берүү менен токтоп калбай, ведомстволор аралык комиссия түзүп, күч структураларындагы бардык аскер бөлүктөрүн текшерип чыгуу зарылдай туюлат. Видеодогу солдаттарды башы менен жер сүздүрүп, аларды адам катары көрбөй келекелеген окуя мындай кесепет көрүнүштөр кыргыз армиясында, анын ичинде ӨКМдүн аскер бөлүктөрүндө кадыресе тенденцияга айланганын кабарлайт.
Кыргыз армиясындагы өкүмзордук, өйдөсүнүү фактылары алгачкы жолу эле кездешип жаткан жок. Өткөн жылы өз каалоосу менен аскерде кызмат өтөөнү чечкен, Бишкектеги Эл аралык медициналык университетинин 6-курсун аяктаганы жаткан Б.Б. аттуу 24 жаштагы жигит Балыкчыдагы аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп, таяк жеп ооруканага оор абалда түшкөн. Көрсө командири автоматты туура эмес чогултканы үчүн автоматтын кундагы менен башка бир урган экен. Натыйжада 24 жаштагы жигиттин сол ыптасы кыймылдабай, тили булдуруктап сүйлөй албай калган.
Командирлер армияда жана аскер бөлүктөрүндө «дедовщина жок» деп актанганды жакшы көрүшөт. Арийне, армияда “дедовщина” азая элек, ага кошумча офицерлердин жаш солдаттарга өкүмзордук, өйдөсүнүү менен жасаган мамилеси күчөп баратат. Солдат балдардын армияда кызмат өтөп жүрүп каза тапканы да, жоокерлер арасындагы суицид да “дедовщинадан” жана өкүмзордуктан кабарлап турганы талашсыз.
2023-жылы Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө 19 жаштагы Т.С.га тийген ок анын өпкөсүн тешип, кабыргасын сөгүп кеткен. Бул окуяга байланыштуу бир офицер кармалган. Көрсө, окуя болгон учурда Т.С.нын жанында дагы эки жоокер болуп, үчөө автомат тазалап жатышкан. Ошол кезде У. Т. аттуу офицер Т.С.га кол көтөрүп, катуу уруп салган. Офицердин бул жосунсуз жоругуна, уставдык эмес мамилесине, мындай кордукка чыдабаган жоокер өзүн өзү атууга барган.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, 2017- 2021-жылдар аралыгында аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидге барганы айтылат.
Ошентип, кайдыгерлик, өкүмзордук, зомбулук, карөзгөйлүк – учурдагы трендге айланып, коомду ичинен иритип жатканы өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Мындайга жалпы күрөш жарыялабасак, өкүмзор, зомбу, карөзгөй адамдарга өз учурунда жазасын бербесек, андай көрүнүштөрдүн алдын албасак, анда улуттук аң-сезимге доо кетирип алышыбыз жеңил эле.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”