whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
16.02.2026
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү100 гектарлык питомникке көчөттөр отургузула баштады

100 гектарлык питомникке көчөттөр отургузула баштады

Бишкекте 100 гектарга түшчү бак питомнигинин беш гектарына көчөттөр тигилди. Мэриянын маалыматына ылайык, Кытайдын Циндао шаарынан келген инвесторлордун колдоосу менен курулуучу питомнигин калаа башчысы Айбек Жунушалиев текшерди.

Эксперименттин алкагында, бир айдын ичинде 12,300 бактын көчөтү жана 9,000 түп бадал отургузулду. Отургузулган көчөттөрдүн арасында зараң, кытай акациясы, жөкө дарак, бегония, теректин үч түрү жана башка өсүмдүктөр бар.

Айбек Жунушалиев «Бишкек жашыл чарба» ишканасын кытайлык адистер менен тыгыз кызматташууга чакырып, жашылдандыруу процессин жакшыртуу жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча пландарын бөлүштү.

Бул долбоор Бишкектин экологиясын жакшыртууга, жашыл аймактарды көбөйтүүгө жана шаардыктар үчүн жагымдуу жашоо шарттарын түзүүгө багытталганы, аталган демилге шаардын экологиялык балансын сактоодо маанилүү кадам экени айтылат.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар