Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында жасалма интеллектти өнүктүрүү маселелерине арналган Улуттук кеңештин жыйыны болуп өттү.
Жыйындын негизги темасы — Кыргыз Республикасында жасалма интеллектти өнүктүрүү концепциясынын долбоору болду. Бул стратегиялык документ эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү күчөтүү жана улуттук экономика үчүн заманбап инфраструктураны түзүүнү көздөйт.
Эдил Байсалов жасалма интеллекттин негизги ролу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн түп-тамырынан өзгөртүү экенин белгиледи. Анын айтымында, алдыңкы технологияларды киргизүү мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо менен бирге, туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын бакубаттуулугун арттырууга өбөлгө түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы адамдык потенциалды өнүктүрүү боюнча 2025-жылга карата баяндамасы да угулду. Анда билим берүүнү санариптештирүү жана Адамдык өнүгүү индексин жогорулатуу үчүн жасалма интеллектти пайдалануу маселелерине өзгөчө басым жасалган.
Катышуучулар жасалма интеллект өндүрүмдүүлүктүн өсүшүн, экономикалык диверсификацияны жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү шарттай турган негизги курал экенин белгилешти. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдү жана инновацияларды тездетүү аркылуу адамдын чыгармачылык потенциалын ачууга чоң мүмкүнчүлүк түзөрү айтылды.
Жыйындын соңунда жасалма интеллектти ар тармакка этап-этабы менен киргизүү боюнча конкреттүү кадамдар аныкталды. Кеңеш мүчөлөрү дүйнөдөгү тез өзгөрүп жаткан технологиялык шарттарга ийкемдүү ыңгайлашуу зарылдыгын да баса белгилешти.

