Башкы беткеМаанилүүЖеке ишкерлерди кайра каттоо онлайн форматка өткөрүлөт

Жеке ишкерлерди кайра каттоо онлайн форматка өткөрүлөт

 Бүгүнкү аппараттык жыйында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жеке ишкерлерди кайра каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүү боюнча кезектеги реформаны баштаганын жарыялады.

Анын айтымында, учурдагы бюрократиялык жол-жоболор ишкерлер үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратып, көп убакытты жана ресурстарды талап кылууда. Маселен, салык органдарына көп ирет баруу, кагаз документтерди чогултуу жана узак кезектер бизнес климатка терс таасир этүүдө.

Мындай көйгөйдү жоюу үчүн “Салык төлөөчүнүн кабинетинде” кайра каттоону толугу менен онлайн форматта жүргүзүү тапшырмасы берилди. Жаңы сервис ишкерлерге арызды толтуруп, документтерди тиркеп, жол-жоболорду 1 күндүн ичинде аяктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Натыйжада процедуранын мөөнөтү болгону 5–10 мүнөткө чейин кыскарышы күтүлүүдө.

“Биздин максат – ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, убакытты үнөмдөө жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн жаңы сапатын киргизүү. Жеке ишкерлерди кайра каттоону онлайн форматка өткөрүү – ушул багыттагы маанилүү кадам”, – деди Адылбек Касымалиев.

Долбоорду 100 күндүн ичинде ишке ашыруу пландалууда.

           

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар