Башкы беткеМаанилүүКыргызстанга «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келип конду

Кыргызстанга «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын үчүнчү учагы келип конду

 Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортуна Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү заманбап учак конуп, Кыргызстан авиациясын өнүктүрүүдө жаңы барак ачылды.

Бул 80 орундуу аймактык учак республиканын ири шаарлары менен алыскы райондорун байланыштырып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү каттамдарды камсыздайт.

     Жаңы учактын келиши:

  • ички каттамдардын географиясын кеңейтет;

  • региондордогу жүргүнчүлөр үчүн мүмкүнчүлүктөрдү арттырат;

  • авиация тармагынын келечегине болгон ишенимди бекемдейт.

Ошондой эле, “Асман Эйрлайнс” паркын дагы кеңейтип, жакынкы жылдары Airbus A320/A321 жана Boeing 737 үлгүсүндөгү учактарды алуу менен эл аралык каттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар