Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Манас" аба майданынын коду өзгөрөт: FRU ордуна BSZ колдонулат

«Манас» аба майданынын коду өзгөрөт: FRU ордуна BSZ колдонулат

2024-жылдын 9-августунан тарта “Манас” эл аралык аэропортунун үч тамгадан турган IATA коду FRU ордуна BSZ болуп өзгөрөт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду алмаштырууну жөнгө салуучу 763-резолюциясынын негизинде 9-майда кабыл алынып, 90 күндөн кийин күчүнө кирет. Учурда Жарандык авиация агенттиги жана «Манас» аэропорту жаңы кодго өтүүгө байланыштуу техникалык жана уюштуруучулук иштерди жүргүзүп жатат.

IATA коду — аэропортторго ыйгарылган уникалдуу идентификатор. Аны авиакомпаниялар, билет сатуучу агенттиктер жана башка авиация тармагындагы субъекттер маалымат алмашууда кеңири колдонушат.

“FRU” коду Бишкек шаарынын СССР маалындагы «Фрунзе» аталышынан алынган. Шаар 1991-жылы эгемендикке жеткенден кийин кайрадан “Бишкек” деп аталып калган. Ушул кезге чейин аэропорттун кодун жаңылоо боюнча аракеттер болгон, эми гана расмий өзгөрүү киргизилип жатат.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар