Салык төлөөнү жеңилдетүү үчүн Бирдиктүү салык эсеби иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бирдиктүү салык эсеп — бул салык төлөөчүнүн каражаттары сакталган виртуалдык салык капчыгы.
«Салык төлөөчү өз эсебин каалаган суммада толуктап, милдеттүү төлөмдөрдү автоматтык түрдө жана бирдиктүү аткарууга мүмкүнчүлүк алат. Бул үчүн салык төлөөчүгө ИНН жана төлөнүүчү сумма гана керек, калган иштерди система өзү аткарат», — деп жазылат маалыматта.
Пилоттук этапта Бирдиктүү салык эсеби төмөнкүлөргө колдонулат:
– патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
– өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
– турак жайга мүлк салыгын төлөө.
Белгилей кетсек, Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу КР президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 «Дордой» соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу жөнүндө» жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.