Башкы беткеСаясат жана коомКоомПенсия алуучулардын саны 28,5 миңге көбөйдү

Пенсия алуучулардын саны 28,5 миңге көбөйдү

2025-жылдын 1-майына карата өлкө боюнча пенсия алуучулардын жалпы саны 807 миң 800 адамды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 28,5 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 4 айлык ишинин жыйынтыгы боюнча өткөн кеңешмеде маалымдалды. 

Январь–апрель айларында пенсияларды төлөөгө 34,4 млрд сом каражат багытталган. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 млрд сомго көп.

Ошондой эле, быйыл 1-майга карата мамлекеттик жөлөкпул алуучулардын саны 308,3 миң адамды түздү. Аталган жөлөкпулдарды төлөөгө бюджеттен жалпысынан 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

Анын ичинен:
“Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулуна – 1,1 млрд сом,
Социалдык жөлөкпулга – 2,9 млрд сом,
“Балага сүйүнчү” жөлөкпулуна – 179 млн сом каралган.

Өкмөт социалдык төлөмдөргө каражатты өз учурунда бөлүп берип жатканын жана жөлөкпул менен пенсия алуучулар боюнча маалыматты көзөмөлдөп турарын белгиледи.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар