Россия менен АКШ аскердик диалогун кайра жандандырат

0
1651

Россия менен АКШнын делегациялары Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосунда жогорку деңгээлдеги аскердик диалогду кайра жандандыруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Европа командачылыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган байланыш каналы 2021-жылдын күз айында, Украинадагы кеңири масштабдуу согуш башталардын алдында токтотулган.

Аскердик байланыштарды калыбына келтирүү боюнча макулдашууга АКШнын Европа командачылыгынын кол башчысы, генерал Алексус Гринкевич Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Дабиде Россиянын жана Украинанын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен өткөргөн жолугушуулардын жүрүшүндө жетишкен.

АКШнын Европа командачылыгынын билдирүүсүндө белгиленгендей, куралдуу күчтөрдүн ортосундагы туруктуу диалог глобалдык туруктуулукту жана тынчтыкты сактоодо маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле мындай байланыш ачык-айкындуулукту жогорулатууга жана чыңалуунун күчөшүнүн алдын алууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, билдирүүдө генерал Гринкевич НАТОнын Европадагы Бириккен күчтөрүнүн башкы кол башчысы катары Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, генерал Валерий Герасимов менен түз аскердик диалог жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу экени айтылат. Бул мүмкүн болуучу жаңылыштыктарды жана тараптар ортосундагы күтүүсүз чыңалууларды болтурбоо максатын көздөйт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз