Украина, Россия жана АКШнын жогорку даражалуу өкүлдөрү куралдуу жаңжалды токтотууга багытталган кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аскер туткундарын алмашуу боюнча макулдашууга жетишип, Украина менен Россия ар бири 157 адамдан бошотту.
Украинанын президенти Владимир Зеленский бейшемби күнү социалдык тармактардагы баракчасында бошотулган адамдардын арасында Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери, ошондой эле жарандык адамдар да бар экенин билдирди. Анын айтымында, туткундардын көпчүлүгү 2022-жылдан бери туткунда болуп келген.
Россиянын Коргоо министрлиги да өз аскер кызматкерлеринин бошотулганын тастыктап, аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, реабилитациядан өткөрүлөрүн маалымдады.
Тынчтык сүйлөшүүлөрү Абу-Даби шаарында шаршемби жана бейшемби күндөрү өттү. Анда Украинанын президентинин кеңсесинин жетекчиси Кирилл Буданов жана Россиянын аскердик чалгындоо кызматынын башчысы Игорь Костюков катышты. АКШ тараптан сүйлөшүүлөрдү АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф жетектеди.
Стив Уиткофф социалдык тармактарда алдыда дагы көп иштер бар экенин белгилеп, жакынкы апталарда кошумча жылыштар болоруна үмүт артканын жазды.
Ошол эле учурда аймактык маселелер жана Украина үчүн коопсуздук кепилдиктери боюнча конкреттүү макулдашууларга жетишилгени же жетишилбегени азырынча белгисиз бойдон калууда.

