Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМектепте көздү ачыштырган баллон чачылып кеткени маалымдалды

Мектепте көздү ачыштырган баллон чачылып кеткени маалымдалды

Бишкектеги мектептердин биринде 27-февралда окуучулардын биринин чөнтөгүнөн көздү ачыштырган баллон түшүп кетип, бөлмөгө чачылган.

Мэриядан билдиришкендей, мектеп жетекчилиги тез жардам кызматын чакырып, эки бала ооруканага жаткырылган.

Ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тыюу салынган буюмду алып келген окуучуга жана анын ата-энесине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

«Урматтуу ата-энелер! Дагы бир жолу сиздерден балдарыңыздын мектеп баштыктары менен чөнтөктөрүнүн ичиндегилерди кылдаттык менен текшерип, көзөмөлгө алып, кооптуу нерселерди сактоонун жана колдонуунун кесепеттерин түшүндүрүп, алардын жүрүм-турумуна көз салууну суранабыз.

Мыйзам бузуулар кайталанган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар