Адам укуктары боюнча кичи комитетинин төрагасы Мунир Сатури баштаган Европарламенттин депутаттары менен акыйкатчынын орун басарлары Жанибек Жоробаев жана Айчүрөк Назаралиева жолукту.
Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, анда тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылууну талкуулашты.
Айрыкча, сөз эркиндиги, тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылууну, аялдар менен балдардын укуктарынын сакталышын камсыздоону жана зордук-зомбулукка жол бербөөнү талкуулашты.
Мындан сырткары, эрте никенин алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Жанибек Жоробаев институт жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алуу, мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында мамлекеттик органдардын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүрүн белгиледи.
Ал институтка жарандар тарабынан кайрылуулар көп түшүп жатканын, бул элдин акыйкатчыга болгон ишеними артканынан кабар берерин баса белгиледи.
“Акыйкатчы институту адам укуктарынын сакталышы, сот адилеттүүлүгү жана күнөөсүздүк презумпциясынын сакталышына такай мониторинг жүргүзүп турат. Мониторингдин жыйынтыгында аныкталган укук бузууларга мамлекеттик органдардын көңүлүн буруп келебиз. Калктын аярлуу катмарынын укуктарын коргоо дайыма биздин көңүл борборубузда”, — деди Жанибек Жоробаев.
Ошондой эле Жоробаев Европарламенттин делегациясынын өкүлдөрүнүн көңүлүн Акыйкатчы институту менен Кыргызстандын парламентинин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүнө бурду.
“Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору демилгеленүүдө, бул институттун “А” статусун алуусу үчүн маанилүү кадам болот”, — деп белгиледи ал.
Мунир Сатури инститтун жылуу тосуп алганына жана Кыргызстанда адам укуктарынын сакталышы тууралуу кенен маалымат бергенине ыраазычылык билдирди.
“Биз “Акыйкатчы жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору кабыл алынып, сиздердин адам укуктарын коргоодогу маанилүү миссияңыздарды аткарууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ишенебиз”, — деди Мунир Сатури.

