Эртеге Иран менен АКШ сүйлөшүүсүнүн экинчи айланпасы уланат

0
1888

Аббас Арагчи Тегерандын атынан Женевага жөнөп кетти. Ал АКШ менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча өтө турган кыйыр (түз эмес) сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасына катышат. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөр 17-февралга пландалган жана Оман ортомчулук кылат. Арагчи баштаган ирандык делегация “дипломатиялык жана адистештирилген” курамда экени белгиленди.

Женева сапарынын алкагында ал Иньяцио Кассис, Бадр бен Хамад бен Хамуд аль-Бусаиди жана Эл аралык атом энергиясы агенттигинин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугары күтүлүүдө.

Эске салсак, биринчи айлампа 6-февралда Маскат шаарында өткөн. Анда иран делегациясын Арагчи, ал эми АКШ тарапты президенттин атайын өкүлү Стивен Уиткофф жетектеген.

Иран ТИМинин саясий маселелер боюнча орун басары Маджид Тахт-Раванчи алгачкы сүйлөшүүлөр “жалпысынан оң нукта өткөнүн” билдирип, Женевадагы жолугушуудан да жыйынтык күтүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, эми Вашингтон өз ниетинин олуттуулугун көрсөтүшү керек. “АКШнын чынчылдыгы мунаса табууга жол ачышы мүмкүн”, — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз