Кыргызстан,Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн энергетика жана суу ресурстары министрлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө акыркы жылдары мамлекет башчыларынын демилгеси менен көп тараптуу кызматташтык бардык тармактарда, өзгөчө отун-энергетика багытында ырааттуу жана натыйжалуу өнүгүп жатканы белгиленди.
Жолугушууда күз-кыш мезгилин коопсуз өткөрүү, вегетация учурунда суу-энергетикалык системалардын туруктуу жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, ошондой эле өз ара кызматташууну мындан ары тереңдетүү маселелери кеңири талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар тармактын иштөө графиктерин макулдашып, аймактык энергетикалык коопсуздукту чыңдоого багытталган макулдашууларга жетишти.

