Кумтөргө 33 жыл

Бүгүн, 16-февраль — Кыргызстандагы эң ири алтын кени болгон Кумтөр кени негизделген күн.
Дээрлик 30 жыл бою кен чет элдик компания тарабынан иштетилип, бул аралыкта 410 тоннадан ашык алтын казылып алынган. Айрым маалыматтарга ылайык, өлкөгө түз түшкөн таза пайда өтө аз көлөмдө болгон.
Кумтөрдүн тагдыры Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров менен тыгыз байланыштуу. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп турган мезгилден тартып эле кенди улутташтыруу жана анын кирешеси элге кызмат кылышы керек деген позицияны карманып келген. Бул демилгеси үчүн ал саясий кысымдарга жана куугунтукка туш болгону коомчулукка белгилүү.
Акыркы жылдары Кумтөр толугу менен мамлекеттин карамагына өтүп, учурда анын кирешеси өлкөнүн бюджетин толуктоого жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга багытталууда.
https://youtu.be/uwhMo7bsTjk

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз