Башкы беткеЭл аралык мамилеКыргызстан менен Доминикан Республикасы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Доминикан Республикасы кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен Доминикан Республикасынын өкүлдөрү эки өлкө ортосундагы кызматташуунун келечегин талкуулашты. Бул тууралуу расмий маалыматта айтылды.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, туруктуу өнүктүрүү, айыл чарба, билим берүү, спорт жана туризм тармактарындагы кызматташууну чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселеси да көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган багыттарды ишке ашырууну илгерилетүү үчүн расмий сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

Белгиленгендей, Доминикан Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин резиденциясы Москва шаарында жайгашкан.

Гезит

Где искать спрос

Центральная Азия как рынок для Кыргызстана        Регион перестает быть периферией мировой экономики и все больше функционирует как самостоятельный рынок. Внутрирегиональная торговля растет, производственные связи...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар