Башкы беткеМаанилүү«Качкын» тасмасы эл аралык кинофестивалдарда сыйлык алды

«Качкын» тасмасы эл аралык кинофестивалдарда сыйлык алды

Кыргызстанда тартылган «Качкын» тасмасы эл аралык кинофестивалдарда эки сыйлык алган. Бул тууралуу киносынчы Гүлбара Төлөмүшова социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Кытайдын Чунцин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында аталган тасма эң мыкты сценарий үчүн сыйлыкка ээ болду. «Алтын Камелия» сыйлыгы Дастан Жапар Рыскелди менен Актан Рыскелдиевге ыйгарылды.

Ал эми Псков шаарында (Орусия) VI Эл аралык «Батыш дарбазасы» кинофестивалында мыкты актёрдук ансамбль үчүн сыйлык алды. Сыйлык актер Атай Өмүрбековго тапшырылды.

Маалыматка ылайык, «Качкын» мыйзамсыз миграциянын кесепеттерине көңүл буруп, чет жерде жашоо-турмушун жакшыртууга умтулган мигранттар туш болгон кыйынчылыктарды жана сыноолорду изилдейт.

Негизги бөлүмдөр Нарында, Балыкчыда жана Токтогулда тартылган.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар