Ажал улук, өлүм ак. Мындайда сөз да таба албай кысталат экенсиң.
Аяш уулубуз, акын Дүйшөн Жапаровдун уулу Эсенгул дүйнөдөн өтүп, Гүлбара эжеге көңүл айтып, көз көрсөтүп кайттык. Эсенгулду, Эсенгулдун атасы акын досубуз Дүйшөн Жапаровду эстедик.
Кайран Дүйшөн арабыздагы эң таланттуубуз эле ошол болчу. Анын жазганы да, басканы да, күлгөнү да, сүйлөгөнү да, тамеки тартканы да өзгөчө эле.
Баласы Эсенгул куду атасына окшоп бараткан. Айырмасы атасы Дүйшөн ыр гана жазчу. А баласы Эсенгул атасына караганда таланттуураак болчу. Ал ыр да жазаар эле, колуна кыл калем кармап сүрөттү да мыкты тартчу.
Экөөбүз бир көчөдө 20 жылдан ашуун кошуна жашадык. Мен барып калган учурда, мени көргөнүнө барбалаңдап сүйүнүп, “Мен ыр жазбай калдым. Балам сүрөт тартып жатат. Жүрү көргөзөйүн, көрүндүгүң бар беле” дечү.
Анда Эсенгулдун жаңыдан сүрөт тарта баштаган мезгили.
“Мынабу Чеч-Дөбө. Менин Чеч-Дөбөм. Кандай, окшошуп калыптырбы?” дейт. “Ооба” дейм. “Ушул сүрөттү көргөндө айылыма барып келгендей болом” дейт Дүйшөн.
Ошол Эсенгул бүгүн арабызда жок.
Ушул жылдын 27-февралында акын досумдун сүрөтчү уулу:
* * *
Өтүп жатат далай күндөр бош кетип,
Өткөн иштер мезгил менен кош кетип.
Олжосу жок турам бүгүн жалдырап,
Отуз бешке эчтекем жок бош келип.
Мейличи эми өкүнгөндө не пайда,
Мезгил мага камдагандыр бир айла.
Жылас болгон учурумду кайтарып,
Жылдан озуп жетип барам бир айда.
Кеткичекти, өткүчөктү өмүрдөн,
Көп нерселер өчкүчөктү көңүлдөн.
Кыска күндү узартууга бел байлап,
Карайм жолду сактап калар өлүмдөн.
(Эсенгул Кемелов) – деп жазыптыр. Аны мен бүгүн окуп отурам.
Жашаар күнү саналуу калганын сезгендей, өлүмдөн сактап калаар жолду издептир, февралда эле.
Жүрөк ачышат. Эх, биз достор, досубуз акын Дүйшөн Жапаровду өлүмдөн арачалап кала алган жокпуз. Анан минтип анын уулу Эсенгулду да колдон жулдуруп ийдик.
Акыркы жылдарда Эсенгул атасынын ырларын чогултуп, апасы Гүлбара эже экөөлөп Дүйшөндүн ырларын эки китеп кылып чыгарышты.
Бардык бала эле Эсенгул жасаганды жасайт албайт.
Бардык аял эле Гүлбара эженин бир кылганын кыла албайт.
Эсенгулдун атасы Дүйшөнгө куюп койгондой окшоштугун көрүп, зыңгырап өсүп келатканын көрүп, “Дүйшөн өлбөптүр” дечү элек.
Эми Эсенгул жок…
Ата-бала ээрчишкен бойдон жакшы көргөн Чеч-Дөбөгө кетти.
Быйыл жазда эле кесиптешим Мелис Совет уулу экөөбүз бизнесмен Аскар Салымбеков менен сүйлөшүп жатып, мен: “Дүйшөн Жапаров деген атбашылык акын досум сизди айылдашым, бир айылдан болобуз деп калчу эле. Бир да жолу сизге барып, китебимди чыгарып бер деп суранган жок. 4-5 жыл болду, көзү өтүп кетти. Артында калган баласы китебин чыгарып жүрөт. Баласы да тегин эмес. Таланттуу сүрөтчү” деп бооруна тартса дегендей каңкууладым эле.
Кош, Дүйшөн! Кош, Эсенгул. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

