2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 799 млрд 740 млн сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады. Маалыматтарга ылайык, айрыкча кайра иштетүү тармактарында олуттуу өсүш байкалган.
Эң жогорку өсүү фармацевтика тармагында катталып, өндүрүш көлөмү 2024-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге жогорулаган. Ошондой эле резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын чыгарган ишканаларда өндүрүш 35,7 пайызга өскөн.
Кайра иштетүү секторунда төмөнкү багыттарда оң динамика байкалган:
- жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия – 30,5 пайызга өсүү;
- тамак-аш азыктары (ичимдиктерди кошо алганда) жана тамеки продукциялары – 30,1 пайызга өсүү;
- химиялык продукция – 19,8 пайызга өсүү.
Пайдалуу кендерди казып алуу тармагында өндүрүш 14,2 пайызга көбөйгөн. Энергетика секторунда да өсүш катталып, электр энергиясы, газ жана буу менен камсыз кылуунун көлөмү 12 пайызга арткан. Бул негизинен энергияны өндүрүү жана бөлүштүрүүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.
Мындан тышкары, суу менен камсыз кылуу жана таштандыларды тазалоо тармагында көрсөткүчтөр 21,4 пайызга жакшырган.


