Италиянын премьер-министри Жорджа Мелони АКШнын Гренландия маселесине байланыштуу Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмдөрүн киргизүү чечимин “ката” деп мүнөздөдү. Бул тууралуу ал 19-январда билдиргенин чет элдик маалымат агенттиктер жазды.
Маалыматка ылайык, Жорджа Мелони бул позициясын Түштүк Кореяга жасаган иш сапарынын жүрүшүндө айткан. Ал аталган маселени АКШнын президенти Дональд Трамп жана НАТОнун башкы катчысы менен талкуулаганын белгиледи.
Премьер-министр Арктика аймагы стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, ушул контекстте айрым Европа өлкөлөрүнүн коопсуздукту чыңдоо максатында аскер күчтөрүн жайгаштыруу чечимине түшүнүү менен мамиле кылуу керектигин айтты.
Жорджа Мелонинин билдирүүсү АКШ президенти Дональд Трамптын 18-январда жасаган билдирүүсүнөн кийин айтылды. Анда Трамп 1-февралдан тарта Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар жана Финляндиядан импорттолгон товарларга 10 пайыздык бажы төлөм киргизилерин жарыялаган. Ошондой эле ал 1-июндан тарта бул ставка 25 пайызга чейин көтөрүлөрүн жана Гренландияны сатып алуу боюнча макулдашуу болмоюнча күчүндө каларын эскерткен.


