Айрым райондук электр тармактык административдик имараттары бириктирилет

0
1573

Жалал-Абад облусунда Кербен участогунун (Аксы РЭС) жана Уч-Терек участогунун (Токтогул РЭС) административдик имараттары бириктирилет. Бул үчүн 16 млн. сом каражат бөлүнүп, иш 2026-жылдын март айында башталып, ноябрга чейин бүтмөкчү.

Ишти сунуштоо демилгесин Жалал-Абад электр тармактары компаниясы көтөргөн жана долбоор 2026-жылга каралган иш-чаралар планга кошулган. Учурда тендер жарыяланды, долбоордук чечимдер такталып, курулушка жер тилкелери даярдалууда.

Жаңы имараттар эскирген объектилерди алмаштырып, персонал үчүн заманбап шарттарды түзөт. Бул жергиликтүү бөлүмдөрдүн техникалык базасын бекемдөөгө жана кардарларды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, Чаткал РЭСте былтыр башталган эки кабаттуу административдик имараттын курулушу улантылууда. Объект 2026-жылдын июн айына чейин пайдаланууга берилиши пландалууда. Эски имарат айылдын дарыя жээгинде жайгашкан жана авариялык абалда болчу.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз