Ирандын жогорку кызматтагы төрт аскер кызматкери каза тапты

0
1635

Ирандын Тышкы иштер министрлиги төрт жогорку кызматтагы аскер кызматкеринин каза болушуна байланыштуу көңүл айтты.

Министрлик Ислам революциясынын сакчылар корпусунун колбашчысы Мохаммад Пакпур, Башкы штабдын башчысы Абдольрахим Мусави, коргоо министри Азиз Насирзаде жана Коргоо кеңешинин катчысы адмирал Али Шамхани каза болгонун ырастады.

Тышкы иштер министри Аббас Аракчи «биздин сүйүктүү Ирандын намысын жана коопсуздугун коргоп күрөшкөн баатыр командирлер жана аскерлер тобунун каза болушуна байланыштуу терең кайгыруу билдиребиз» деп жазган.

28-февралда АКШ жана Израиль Иранга каршы аскердик операция баштаган. Анын максаттары – Ирандагы бийликти алмаштыруу, ядролук программаны токтотуу, ракеталык потенциал жана иран флотун жок кылуу. Натыйжада Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи каза болгон. 1-мартта КСИРдин башчысы каза болуп, анын ордуна Ахмад Вахиди дайындалган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз