2026-жылдын 28-февралында «Газпром – балдарга» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде Бишкек шаарынын көркөм гимнастика боюнча чемпионатынын салтанаттуу ачылышы болду. Мелдешке ӨРАБӨМ, БӨСМ жана Кыргыз Республикасынын спорттук клубдарынын гимнасткалары катышууда.
Бул жылы чемпионат ачык форматта өтүп, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан келген спортчуларды кошкондо жалпы 150гө жакын катышуучу күч сынашууда. Турнир 2013-жылы туулган жана андан улуу спортчулар үчүн уюштурулган.
Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, чемпионат борбор үчүн маанилүү спорттук иш чара жана көркөм гимнастиканын чоң майрамы экенин белгиледи. Ал жаш гимнасткалардын келечекте спорт чеберлери жана олимпиада чемпиондору болушуна ишенерин билдирди.
Чемпионат 28-февралдан 1-мартка чейин эки күнгө уланат. Алкагында гимнасткалар көп түрдүү финалдык таймаштарга чыгышып, жеңүүчүлөр жана байге ээлери аныкталат.
Иш-чаранын уюштуруучулары – Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, Туризм жана жаштар менен иштөө департаменти, Бишкек шаардык көркөм гимнастика федерациясы жана Кыргыз Республикасынын көркөм гимнастика федерациясы.


