Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы чыгармасынан үзүндү
IV. Баланын окуясы жетим балдар үйүнөн башталган
Бала эс тартканы бир курдай, таңга жуук түшүнөн чоочуп ойгонуп: “менин чын апам ким болчу!?” деп чыңырып, жер тепкилеп чыр салганда эле Беловодскидеги жетим балдар үйүнүн тарбиячылары жакаларын карманып, дат баскан темир керебеттин кырына көк трусычан көгөрүп отуруп алгандагы кебетесинен анын элден бөлөк, элге окшобогон бала экенин ошондо эле баамдап коюшкан дешет. Ошондо эле!
Ошол күнкү тартчу түйшүгү түнкү нөөмөтүнө туш келген толмоч аял чыргоолонгон үндү кулагы чалар замат күйпөлөктөп жетип барып, балдардын таттуу уйкусу бузулбасын деп чебелектеп, соо-луктап ыйлаган баланы көргөндө бооруна кыса-кыса кучактап, “сага бүгүн эмне болду, каралдым!” деп акырын шыбырап сооротсо, “түшүмдө апамды көрдүм!” – деп ансайын өңгүрөйт имиш. Андагы кыргызча түш жоруган, кыргызы деле, орусу деле “тётя Мария” деп чакырган балпайган орус тарбиячы ушу балага башкача мээримин төгүп эркелетчү экен, көргөн сайын эмнегедир эбедейи эзилип, “менин балам” дечү экен. “Энеңмин!” деген аял түшүнө кирбегенде башка кимиси кирмек эле деп ойлоп, “Мария апаң түшүңө кирдиби?” – деп ийиптир. “Жок!” – дейт бала башын чайкап. Андай болсо мындагы тапыраган көп тарбиячынын бирин көргөн го деген ойдо:“Кайсы эжейиң? Баланчабы, түкүнчөбү?” – дейт улам биринин артынан биринин атын атап. “Апам башка экен! Бул жерде жок!” – дейт бала. Адам баласынын түшүнө эмнелер гана кирбейт!? Чоң-кичине деп ылгаганын ким көрүптүр да ким угуптур? Анан калса, балдардын кыял-жоругун астейдил кеп кылышып отурчуда, “капыра-ай, ченебей мээрим төксөк деле өз энесиндей болбойт экенбиз го, томолой жетимдердин энезарлыгы эзели калбайт тура, көздөрүнөн муңаюунун изи эгерим өчпөйт тура!” – деп күбүрөшүп-шыбырашып калышар эле. Анын сыңарындай өңүндө кез келген көп аялдардын бири энезар баланын түшүнө энеси болуп кирди го, көздөрүн албай кино тиктечү өнөрлөрү чыкпады беле же болду-болбоду кинодогу аялдардын бирин көрүп алды го деп ойлоп койгон жаман оюнда. Эптеп соороткон. Таңкы сегизди чыдамсыздык менен күткөн.
Сааттын жебеси эртең мененки туура сегизди да какмагынын убактысы жетип, жамаат текши чогулганда нөөмөтүн өткөрүп берип жатып, баланын түнкү жоругун тарбиячыларга төкпөй-чачпай айтып берген эле. Муну укканда жалгыз гана Мариянын көзү алайып, “апеей-кокуй, кайсы апасын көрүп жүрөт?” – деп ойлоду ириде. Бир чети бүйүрү кызыды. Бу сапар адатынча “апаң — менмин” дегендин ишаарасын жасай албай, ишаарасы ушул – өпкө-жүрөгүн садага чаап үйрүлө албай, кыйлага айланчыктап жүрдү. Эртең мененки тамактанууга жооптуу экен, ошол күнкү ырысына кымыран сүткө бышырылган күрүч көжө, жука тилинген кара нан, бир стакандан карандай чай жазылган, ошого каниет кылган балдардын катарын аралап, карбаластап ары бир өтөт, бери бир өтөт. Жарым чөмүчтүн ордуна бир чөмүчтөн көжө, эки кесимдин ордуна төрт кесимден нан тийгенсип, карандай чайдын ордуна акталган чай ичкенсип балдар тимеле ашкананы түп көтөрө жаңыртып чуру-чуу. Мария болсо маал-маалы менен ашкананы жаңырта: “Тамагыңарды тынч ичип-жегиле!” – деп үн салып коёт. Ичинен бушайман. “Кудая-тобо, кайсы апасын көрүп жүрөт түшүндө? Кимиси кирди экен түшүнө?” – дейт санаасында. Тамактантып бүткөн соң балдарды тобу менен тургузуп, чууртуп чыгарып жатышкан. “Тыгылышпай өткүлө! Жөөлөшпөй өткүлө!” деп кыйкырып, эшиктин тушуна калдаң-калдаң этип жетип келген эле, топ ичинде түртүшүп келаткан баланы көрө сала колун созуп, баятадан колу бошобой, эми араң чолосу тийген киши кебетеленип башынан сылады. “Жакшысыңбы, родненький мой?!” – деп койду. Бала бир эле ирет жалт карап, кара күчкө жылмайган болду да басып кетти. Мариянын деми кысылды. Күндөгү бала күндөгүдөй болбой, дал ушул саамдарда, сааттын жебеси сегизди каккандан берки бир жарым саат убакыттын ичинде өзү баладан, бала андан сөөм алыстай түшкөндөй туюлду. “Билейинчи” деген ойго бекиди. “Түшүндө кимди көргөнүн билейинчи!” – деди ичинен. Билмекке ашыкты.
Мариянын мындагы балдар үйүнүн деректиринен дагы, улуу-кичүү тарбиячыларынан дагы жашырган, жумурунун тереңине бекем каткан сыры боло турган. Анын үйүндө, үйүнүн төркү бөлмөсүндөгү жыгач текчеге жөлөнүү сары чемоданда, сары чемодандын ичиндеги күрөң альбомдо баланын чыныгы апасынын жалгыз сүрөтү катылуу болор эле. Ооба, катылуу болчу. Каран басып, бир курдай үйдүн терезесин талкалап ууру кирчүдө, тилегиң каткырлар үйдү үч көтөрө аңтарып, ырыстуу эчтеме табышпаганында ошол чемоданды көтөрө кетишиптир. Ошону менен альбому да жоголгон, альбому менен кошо сүрөт да жоголгон. Паспортко түшкөн окшобойбу, узун-туурасы үч-төрт сантиметр келген сүрөт болчу.
Ошол сүрөттөгү элести, сүрөттөгү аялдын окуясын ичине бекем катып, унчукпай жүргөнүнө быйыл беш жыл болду. Эң кызыгы, ошол сүрөттөгү аял эки-үч мертебе Мариянын да жанын койбой түшүнө кирген!
Ооба, беш жыл илгери болчу. Социалдык кызматтын адамдары мектеп курагына жеткен бир автобус тоголок жетимди күргүштөтүп бул жерге апкелишкен. Ылгый эркек балдар эле. Асырап алат элек дегендер эле чыга калбаса, балдар он жетиге чыгып, мектепти аяктамайынча ушул жердин багуусунда болушат. Ошондогу келгендердин арасынан бир катарын асыраганы алып кеткендер да болду. Алды Америкага кетти! Маңдайына жазылган экен, асырап алчу киши чыкпай биздин бала ошол күндөн байырлаган жери жетимдер үйү болду.
Бала жетимдер үйүнө катталгандан үч жумадан кийин изин суутпай, артынан дайнын сурап бир келин келген. Анын келген күнү эстен чыкпас. Күздүн күнү болчу. Эмне жумуштап келгендегисин түз айтууга даай албаган тартынчаак, кебете-кешпири айылдык көрүнгөн келиндин дарбазанын сыртында өткөн-кеткенди тиктеп, шынаарлап турганы эсинде. Ыйманы ысык көрүнгөндөнбү, айтор бирдеме сурачудай болуп Марияны көздөй утурлай кадам таштаганы да эсинде. Оң ийнине асынган, сыдырмасы чала жабылган эски кол сумкасы бар. Кол сумкасынын асынгычын утур оңдонуп коюп, оболу орусча амандашты. Жаңы үйрөнчүктөн бетер орусчага тили так келбесин байкаган Мария кыйнап отурбай таптак кыргызча жооп берди. Келиндин көзү күлмүңдөп, кубанып кетти. “Кап этпесеңиз сөзүм бар эле”, – дейт. “Тууп таштаган энеси окшойт. Эсине эми келип, артынан издеп келгендеги кербези окшойт,” – деп ойлоду Мария адегенде. “Айта гой, айланайын”, – деди. Кысынбай кенен сүйлөсүн деп аны капталдагы кууш жолго баштады. Бакты аралата жай бастырып, айтчу кебин жайбаракат укту.
Бакканың томолой жетим балдар болсо, эрмегиң жетим балдар үйү болсо, бу дүйнөгө жетим болуп жаралуунун тагдыры жазылгандардын башына түшкөн эмне деген гана тири укмуш окуяларды укпайсың! Канча бала болсо, ошончо окуясы бар эмеспи. Уга берип каңырыгың түтөйт. Уга берип кабыргаң кайышат. Укканга көнөсүң. Мунукун да укту. Угуп отурса бу келин учурунда баланын апасы менен бир аз убакытка курбу жүрүптүр. Мындай окуяны уккан.
Бала жаңы төрөлгөн жыл экен. Ошондо мындан он бир – он эки жылчалык илгери болуп калабы? Ош базарынан бир көчө өйдөрөөктө, дубалдары мына-мына кулап, жепирейген чатырлары эмеле көчүп түшчүдөй болгон кепелери алыстан таанылган маале бар. Эң арзан сойкулардын жана сойкулардын эң эле арзанын издеп көзү бозоргондордун, убал-сооптон коркпой арактын түрүн эптеп жасап саткандардын жана алардын жасалма арагын коркпой ичкендердин, уурданып наша саткандардын жана нашанын исине кумарлардын, иши кылса элден бир башкача ээнбаштардын уюгу. Эрөөн-төрөөн көрбөй ошол маалеге түшүп, ар бир эшикти каккылап, баш калкалаарга арзан батир издеп жүргөнүндө баланын апасы менен таанышып калыптыр. Жашы жыйырма төрт – жыйырма бештерден озо элек болчу дейт. өң-чырайлуу болчу дейт. Корунуп жүрүп кыйналган неме ымыркайды бакканга каралашар бирөө-жарымга зар болуп турган окшобойбу, кудайым айдап келгендей сүйүнүп, үстүнө дароо эле шерик кылып киргизип алыптыр. Тоокканадан түк айырмасы жок кепенин бир бөлмөсүндө корголоп, коргологондун да акысын тең бөлүшүп, жеген-ичкендерин деле тең бөлүшүп, эже-сиңдидей болуп көнүшүп, чогуу турушчу экен.
Күлгө оонай калып эле төрөп алгансып баланы кимден төрөп алганын тигил деле чечилип айтпаптыр, бир-эки курдай сураганында укмаксанга салып, унчукпай койгон соң, атасы каякта, кимден төрөп алгансың деп мунусу деле кайра батынып сурабаптыр. Башы батканга сүйүнгөндөн чолосу тийсе эле жалаяктарын колдон талаша кошо жуушуп, кепени жаңырта ыңааласа кошо “алдейлеп” сооротуша калып, баланы багышканга каралашып жүрө берет. “Эмчек эле эмизбегеним болбосо, энесинен кем болгонум жок!” – дейт.
Анан баланын томолой жетим калмагынын жайын айткан. Бир күнү кашайып тамак-аштары түгөнүп, оозго наар алганчалык ыпым эчтеме калбайт. Чай кайнаткан көк чайнек какшып, нан салган жыгач табак бош. Кечке кезерип отурушат. Энесинин эмчегинен сүт чыкпай өзөргөн наристе бир жактан көгөрө ыйлап азапты жегизет. Жок дегенде бир бөтөлкө сүткө жетерлик тыйын чыкпай калат деген эмне жакшылык!? Жарым бөлкө нан алганчалык тыйынга зар болуу эмне деген азап!? Айлалары куруйт. Ачкалык эмнени гана кылдырбайт адамга. Мунусуна уят-сыйытты жыйыштырып коюп, Ош базарынын тушуна алакан жайып тура калсамбы да беш-он сом кайыр сурай койсомбу деген жаман ой кетет. Ошол иш эң оңою көрүнөт баарынан. “Кайдагы беш-он сомду айтасың? Ал эмнеге жетип кыйратмак эле!” – деп наалыйт баланын апасы. Болгон акылың араң эле ошого жеттиби дегенсип наалыйт. Наалыйт да өзү ойго келбеген жорукту айтат. Дарбазасын сагалап, жогорку үйлөрдүн бирине аялдан көзү каткан эркектер үйүр имиш. Үйүр-үйүрү менен да келип, жалгыз-жарымдап да келип, келген-кеткендердин аягы эгерим үзүлбөйт имиш. Күүгө келишкенсип күндүр-түндүр айланчыктап кезекте турушат дейт. Мынчалыгында иштеп калайын деген кыз-келиндер жоон сандарын булактата түртүшүп, “мени эле мени” деп жылаңачтанып алышып, бир-биринен жол талашып ошол жерде экен. Бир тапканда миң сомдон табышат экен… Ошону айтып эле оозу-башын ашыга боёнуп, чачын бир башкача таранып, чемоданга катылуу жеринен гүлдүү көйнөгүн таап кийип, жасана баштайт. Кой-айга келбей кечке маал, иңир талаш чыгып кетет. Бир жарым саат өтүп-өтпөй эле жолдуу кайтат. Кайтканда да бир баштык толтура тамак-аш көтөрүнө кайтат. Ичинде наны да бар, сүтү да бар. Баштыктын оозун чоңураак ачып караса чоң кесим каймак майы да бар… Бир жарым сааттын ичинде! Бапырап эле калышат. Эмчек эмип, сүт ичип баланын ыйы тыйылат. Экөө тең өзөк жалгашат. Баланын апасы бир аз “сеп” этип алган кишидей ар деменин башын чолуп сүйлөп оту-руп, анан тунжурап унчукпай калат. Ойго батып, шыпты тиктеп жата кетет. Эки-үч сааттай жатат үшкүрүнүп. “Эх, ушу сен! Сениби!” – деп анда-санда ызырынып да коёт дейт. Мындай кыял-жоругун мурда байкабаптыр. Бир маалда уйкудан чоочуп ойгонгонсуп оордунан атып туруп, оозу-башын кайрадан оңдоп боёнуп, үстү-башын шашыла түзөнүп:“Сен баланы карай тур. Мен жанагы жакка дагы барып келейинчи,” – дейт. Ошол жактын кыныгын алып, биротоло көнүп алган немедей сүйлөйт. Жети түндө өлөрмандана чыгып кеткен экен. “Ошону менен экинчи тирүү көргөн жокмун. Түнү бою акыйып күттүм!” – деп айтып берген эле. Аңгемесинин ушул жерине келгенде чолок жашын кылгыртып ийген.
Эртесинде ызы-чуу салып, үймө-үй көчөнү аңтара тинтип милиция келет. Кошо сурак берип, сүйрөлүп канча жүрөт! Арам акчанын арааны ойногон жерде ыр-чыры кошо ээрчише жүрөт эмеспи, ошондон келише албай муунтуп өлтүрүштү го десе, ошол мааледе мас болуп темселеп жүргөн баланын атасына кокусунан кез келип, экөө катуу чырдашкан имиш… Кийин укту. Карасаң! Ошончодон ажалын ошол наадандын колунан тааптыр. Кечке ойго батып жатып, жети түндө ашыга чыгып кеткенине караганда ага жолугушууну атайы көздөп барган. “Сен антсең, мен минтемин!” – деп өчөшүп барган…
Мария мына ушундай окуяны уккан. Ээй, иштеген жериң тоголок жетимдер менен тирүүлөй жетимдердин коргологон уюгу болсо, чурулдаган жетим балдарды багуу эртели-кеч эрмегиң болсо, эмне деген гана төбө чачты тик тургузган тири укмуш окуяларды укпайсың! Мынабу короодо канча бала болсо, ошончо окуясы бар, ошончо тагдыры бар… Аргаң канча, бирөө айтса уга бересиң, уга бересиң… Уга берип зээниң
кейийт. Уга берип жаның кашаят. Дагы уга элеги канча дейсиң!
Дайнын сурап эч ким келбегенден нарис-те балдар үйүнө жеткирилет. “Чолом тийген сайын дарек-дайнын сурап турдум. Жетиге жашы толуп, биринчи класска окуганы бул жакка которулганын угуп келдим. Энесинин сөөгү Батыш көрүстөнгө коюлуу. Ошону да айтайын деп келдим. Бейити ың-жыңсыз болуп кетпеси үчүн кийин чагында чакан белги да койдуруп койгом. Ташты сулуулап кестирип, сулуулап койгонго менде кайдагы каражат, мрамордун чулу сыныгын сайдырып, атын жаздырып койгом“, – деп айтып берген эле алиги келин. Келип турам деген. Ошондон кийин бир ирет келди да башка басып келгени жок. Беш жыл өттү арадан. Дайынын билдирбейт. Мындайда өзү аман-эсен болгой эле дегенден башка ылаажың жок экен. Ырас, соңку келишинде эки сүрөт таштаган эле. Бири – узун-туурасы үч-төрт сантиметр-лик, паспортко чапталчу сүрөт болчу, экинчиси – бейиттин сүрөтү. Ооба, башына чулу мрамор сайылган бейиттин сүрөтү.
Эң эле таң калыштуусу, ошол сүрөттөгү аялды Мария да түшүндө көрүп жатпайбы! “О, боже!” – деп чокунуп ийип, жакасын карманган адегенде. Мындайды ким уккан да ким көргөн, өңүндө түк жолукпаган, өмүрү тааныбаган адамдын кудум сүрөттөгүдөй элеси түшкө кирет, жөн кирбестен бирдемелерди жаңсап кирет, бирдемелерди ымдап кирет! Биринде бышактап ыйлап кирет, биринде буулуга ырдап кирет. Кудая-тобо, чачы кыркылуу, көзү бакырайган, кашы ичке, оң бетинде меңи бар элеси бир эмес, эки-үч мертебе кайталанып кирет! Өңүндө эзели көргөн эмес! “Ии, сүрөттү бапестеп сактап жүрбөдүм беле! Ыгы келгенде уулуна бермекчи эмес белем!” – деп койгон. Дагы бир жолкусунда: “Кап, жоготуп алганым үчүн түшүмө утур кирип жаткандыр! Кайран сүрөт тепсендиде калып, кайсы жерде жатты экен!” – деп кейип, тилегиң соолгур ууруларды каргап-шилеп да алган.
“Бала түшүндө кимди көргөнүн билейинчи! Кайсы апасын көрүп жүрөт?” – деп беймаза түшкөнү ошондон.
Түшкү танаписти күттү. Түшкө жуук, узун танапис маалында баланы чакырды. Маңдайына отургузду. Демейде күлмүңдөп-жаркылдап эле турчу бала күндөгүсүндөй имерилбейт. Айтпадык беле, кабагын байкаса өзү баладан, бала андан сөөм алыстай түшкөндөй. “Ал түндө эмне ыйлап жүрөсүң, балам?” – деди. Бала оболу мелтейип унчуккан жок. “Менден сыр жашырчу эмес элең го”, – деди. “Түшүмдө чын апамды көрдүм!” – деди бала. “Чын апаңдыбы? Кантип?“ – деди Мария. Бала түшүн айтты. “Өңү кандай экен?” – деди Мария. “Чачы кыска, көзү бакырайган аял экен”, – деди бала. Жүрөгү “болк” эте түшкөн Мариянын көзү алайды. Бүйрү кызыды. “Дагы?” – деди дабышын акырын чыгарып. “Апам кашы ичке, көзү кара, сулуу аял турбайбы! Бетинде меңи бар экен!” — деди бала. Дегенинде Мариянын келмеси оозунан түшүп, эси ооду. Кудая-тобо, чачы кыркылуу, кара көздөрү бакырайган, кашы ичке аялды көрдүм дейби!? Оң бетиндеги меңин жаңылбай тааныдым дейби!? “Тааныдыңбы?” – деп кайталап сурады Мария ишенбегендей кыяз жасап. “Тааныдым!” – деп кайталады бала. Жүрөгү толкундаган Мариянын көзүнөн чолок жаш тамчылады. Баланы
бооруна кысып:”Сен бу дүйнөгө өзгөчө жаралган жансың, балам! Генийимсиң го!” – деп божурады. Тётя Мариясынын балбалактаган бу түрүнө бала аң-таң.
Ушундан кийин көпчүлүктү түрдүүчө түкшүмөлдөтүп кыжаалат кылып отурбай, жоголгон сүрөттүн чоо-жайын башкаларга төкпөй-чачпастан саймедиреп айтпаска чара калган жок. Тётя Мариянын жөнү го түшүнүктүү эле, не болсо да учурунда аманат сүрөттү аярлап алып, алаканынын чогуна салып кармаганда элесин эстеп калган киши эмеспи, өңүндө эч көрбөгөн апасынын кудум өзүндөй элесин канча бир жылдан кийин түшүнөн жолуктурган мынабу машаяктын кулак угуп, көз көрбөгөн жоругун айтпайсыңарбы! Же энесинен бир жашында калган ымыркайдын эстеп калышы мүмкүн беле? Мындагы чоңдор текши таңыркап, айрымдары чоочугандан баштарын чайкап, бир сыйра “ой-тоболоп” жакаларын карманган. А дүйнөнүн бар экенинен күмөн санап, алигиче арсар жүргөндөрү бар экен араларында, ошол саамдан кийин акылдарына кирип тиги дүйнөнүн бар экенинен түк шек санабай калышты, “кайып дүйнө деген болот, касиет күтүп жаралгандарга гана аян берет” дегенди анчейин бир апыртма катарында көрүп, эмдигиче Сагымбай менен Саякбайга ишенбей, мыйыгынан күлгөн бирин-экин каапырлары да жүргөн экен капырай, ошондон кийин андай каапыры да калган жок.
Он экидеги баланын кайып дүйнөдөн аян алгандагы касиети ушинтип билинген. Оболу жетим балдар үйүнүн тарбиячылары эле билчү.
Арслан Капай уулу КОЙЧИЕВ

