Жаңы Зеландиянын борбору Веллингтондо өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Веллингтон шаарында катуу жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү коркунучу күчөп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынын кесепетинен бир адам дайынсыз жоголду. Учурда полиция Карори районунун тургуну Филип Саттонду издөө иштерин жүргүзүүдө.

Жаңы Зеландиянын метеорология кызматы аймакта катуу жаан-чачын уланып жатканын билдирип, кооптуулуктун “кызыл деңгээлин” жарыялады.

Бийлик өкүлдөрү суу каптоо коркунучу жогору аймактарда жашаган тургундарды жакынкы 24 саат ичинде коопсуз жерлерге көчүүгө чакырууда. Азырынча мажбурлап эвакуациялоо жарыяланган жок, бирок жабыркагандар үчүн убактылуу баш калкалоочу борборлор ачылды. Ошондой эле Түндүк аралдын түштүк бөлүгүндө мурунку селдердин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Адистер тургундарды сак болууга, расмий маалыматтарды көзөмөлдөп турууга жана коопсуздук чараларын так сактоого чакырууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз