Урматтуу шаар тургундары жана коноктор!
Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди борбор калаанын 148 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырат.
2026-жылдын 29-апрелинде Ала-Тоо аянтында мазмундуу жана жаркын программа уюштурулат.
Саат 18:00дө мэриянын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттарынын концерти башталып, шаардыктарга жандуу музыка жана көтөрүңкү маанай тартуулайт.
Саат 19:00дө аянт чоң бий аянтчасына айланып, «ВАЛЬС КЕЧЕСИ» конкурс-фестивалы өтөт. Анда профессионалдык жана ышкыбоз хореографиялык жамааттар катышып, жалпы вальс бийи менен өзгөчө майрамдык атмосфера жаратылат.
Кеченин жүрүшүндө борбор калаанын чыгармачыл жамааттарынын концерттик номерлери сунушталып, иш-чара масштабдуу гала-концерт менен жыйынтыкталат.
Урматтуу мекендештер! Бул өзгөчө күндү жакындарыңыздар менен бирге өткөрүп, чоң шаардык майрамдын бир бөлүгү болууга чакырабыз.
