Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялар 25,5%га өстү

2026-жылдын январь–март айларынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өсүп жатканы байкалды. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, агенттик инвестициялык климатты жакшыртуу, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана туруктуу укуктук-нормативдик базаны түзүү багытында системалуу иштерди улантууда.

Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына ылайык, үч ай ичинде инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25,5%га көбөйгөн.

Ички инвестициялар 1,2 эсеге өссө, тышкы капиталдын агымы 1,5 эсеге чейин жогорулаган.

Негизги инвестициялар төмөнкү тармактарга багытталган:

  • кен казуу өнөр жайы;
  • кайра иштетүү тармагы;
  • транспорт жана логистика;
  • энергетикалык инфраструктура.

Адистердин баамында, мындай өсүш инвесторлордун өлкөнүн реалдуу секторуна жана ири инфраструктуралык долбоорлорго болгон кызыгуусу жогору экенин көрсөтөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз